www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-мартта Алматынын райондор аралык тергөө соту каракалпакстандык активист Акылбек Муратовдун камактагы мөөнөтүн 12 айга узартты. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматына анын эжеси Фариза Нарбекова билдирди.

Анын айтымында, соттун чечимине ылайык активист 2025-жылдын 15-февралына чейин камакта болот.

18-мартта Алматынын Бостандык райондук прокуратурасы Акылбек Муратовдун камактагы мөөнөтүн 12 айга узартуу тууралуу токтом кабыл алган. Анда Нарбекова мекеменин бул чечимине нааразылык билдирип, өзүнүн жана башка адамдардын укугу үчүн күрөшкөн адамдын камалышын адилетсиздик деп эсептей турганын билдирген.

Буга чейин Акылбек Муратовго каршы кылмыш иши каракалпакстандык активисттердин Варшавадагы ЕККУ конференциясында сүйлөгөн сөзүнө байланыштуу козголгону кабарланган. Маалыматтар боюнча, Өзбекстанда каракалпактардын куугунтукталышы тууралуу айтылган ал баяндамалардын тексттерин Муратов даярдаган.

Өзбек бийлиги баяндамаларда "диний экстремизм, сепаратизм жана фундаментализм идеялары" бар деп эсептейт. Фариза Нарбекованын айтымында, 2023-жылдын октябрында Муратов Өзбекстандын атайын кызматтары Каракалпакстандагы жакындарын коркутуп жатканын билдирген. Былтыр ноябрда өзбек бийлиги Муратовго издөө салган. Нукус шаарынын соту аны сыртынан камакка алган.

Акылбек Муратов быйыл 16-февралда Алматыда кармалган. Анда шаардык полиция департаменти ал Өзбекстан Ички иштер министрлигинин издөөсүндө экенин, учурда аны мекенине экстрадциялоо маселеси каралып жатканын билдирген. 17-февралда сот активистти 40 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости