www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо Россия бүгүн бир чоң, ынтымактуу үй-бүлө экенин далилдеди. Бул тууралуу Владимир Путин Россиянын БШКсы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын чыгаргандан кийинки кайрылуусунда билдирди.

 

"Биз тандап алган тарыхый жолубуз менен баратабыз. Өзүбүзгө, күчүбүзгө жана жаркын келечегибизге ишенебиз", — деди россиялык лидер.

Ал өлкө үчүн өтө маанилүү болгон шайлоо өнөктүгү аяктаганын айтып, колдоо үчүн баарына ыраазычылык билдирди.

"Бул Россияны күчтөндүргөн саясый багыттын жалпы жыйынтыгын колдоого жатат. Ишенимди акташ үчүн колумдан келген бардык ишти жасайм", — деди Путин.

Ал бардык талапкерлердин көйгөйдү чечүүдө өз алдынча чечими болгонун, эми бийлик ишинде конструктивдүү сунуштарды колдонорун айтты.

Президент шайлоо комиссиясы ишин жогорку деңгээлде аткарып, так жана мыйзам чегинде өткөргөндүгүн белгиледи. Путин Россиянын аймагындагы шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү эрдик көрсөтүп, шайлоочуларга үлгү болгондугун кошумчалады.

Россиядагы президенттик шайлоо 15-марттан 17-мартка чейинки аралыкта өттү.

РФтин Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, Владимир Путин шайлоочулардын 87,28% добушун алды. Ага 76 миллиондон ашык россиялык жаран өз добушун берген.


 

Последние новости