www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия Батыштын айрым өлкөлөрүнөн айырмаланып, Борбор Азияны геосаясий тиреш үчүн аянтча катары карабайт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров "Орусия — Борбор Азия: Достук жана кызматташтык жолундагы 30 жыл" аттуу макаласында жазган.

Анын айтымында, тараптар биргелешкен ишинде ар дайым элди бириктерген тарыхый достук, бири-бирин колдоо салты, ишеним жана сый-урмат мамилесине таянат.

"Бардык эл аралык коомчулуктун жооптуу өкүлү катары Орусия тышкы чөйрөдө биринчи кезекте жанаша жана коңшу мамлекеттер менен ынак коңшулук мамилени колдоого жана баары менен конструктивдүү иш алып барууга кызыкдар. Буга байланыштуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн баары менен стратегиялык өнөктөштүк, көбү менен союздаш мамиледе болгонубуз кубандырбай койбойт", — деди Лавров.

Ошондой эле ал кызматташтык бүт тармакты камтып, экономикадан маданий-гуманитардык байланыштарга чейин жетерин белгиледи. Аны менен катар Лавров геосаясий аспектилерге токтолгон.

"Орусия Батыштын айрым өлкөлөрүнөн айырмаланып, Борбор Азия регионун геосаясий тиреш үчүн аянтча катары карабайт. Бул жаатта биз региондун ичиндеги интеграциянын өсүшүн, Борбор Азия мамлекет башчыларынын тынымсыз консультативдик жолугушууларын жактайбыз. Орусиянын Борбор Азия өлкөлөрү менен өз ара пайдалуу, тең укуктуу мамилелери XXI кылымда мамлекеттер аралык кызматташтыкты кандай жүргүзүү керектигине мисал боло алат", — деп жазган Орусия ТИМинин башчысы.

Ал соода-экономика, энергетика боюнча өз ара иш алып барууда, илим-техника тармагында, транзиттик мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашырууда чоң потенциал көрүнүп турганын белгилеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости