www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 4-майга караган түнү өзбек-ооган чек арасында ок атылганы тууралуу кабарды төгүндөдү.

"Тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. Чек арада абал туруктуу, түштүктөгү чекти коргоо штаттык режимде ишке ашууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Өзбекстан ТИМи Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн расмий өкүлү Забихулла Муджахед да интернет-аянтчаларында жарыяланган маалыматтарды четке какканын белгиледи.

Мурдараак соцтармак колдонуучулары ооган жалпыга маалымдоо каражаттарына шилтеме берүү менен чек арада ок атылганын, өзбек чек арачысы мерт болгонун кабарлашкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости