www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Аскер прокуратурасы өлкөнүн Куралдуу күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо факты аныкталганын билдирди.

"Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө Коргоо министрлигинин 44549-аскер бөлүгүнүн (аскер госпиталы) каржы кызматынын башчысы мыйзамсыз түрдө өз эсебине бюджеттик каражаттарды которуп алганы аныкталган", - деп айтылат 5-май күнкү расмий маалыматта. Мунун айынан мамлекетке 965 миң сом зыян келтирилгени кабарланды.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу"), 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") жана 346-беренеси ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иши козголуп, тергөө башталды. Коргоо министрлиги тараптан комментарий бериле элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости