www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жаратылыш кырсыгынан улам өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге караганда, кечээ, 4-май күнү, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен улам Сузактын Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптаган.

ӨКМдин орун басары жетектеген ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүүдө. Жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 кызматкер тартылып, турак үйлөрдө чогулган сел сууларын мотопомпанын жардамы менен тазалоодо.

Жеринде 42 техника иштеп жатат. Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүп жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости