www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинадагы чатак кепке келүү менен аяктайт, бирок келишим түзүп жатканда анын параметрлери аскердик аракеттердин стадиясы менен аныкталат. Бул тууралуу РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров билдиргенин РИА Новости жазды.

«Курал колдонулган учурда кандай гана кырдаал болбосун келишим менен аяктайт. Бирок анын параметрлери келишим реалдуу боло турган аскердик аракеттердин ошол стадиясы менен аныкталат», — деген ал.

Лавров ошондой эле, украин эли мындан ары кандай жашаш керектигин өздөрү тандап алганы маанилүү экенин белгилеген.

«Путин билдирүүсүндө башынан эле атайын операция деп жарыялагандай, ири алдыда украин эли кандай жашаш керектигин өзү чечишин каалайбыз», — деген Лавров.

Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.

Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.

РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, 25-мартта негизги тапшырманын биринчи этабын аткаргандыгын, тагыраагы, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүгүн азайткандыгын билдирген.

Алар башкы максат — Донбассты бошотуу экендигин айтышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости