www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы бириккен демократиялык кыймылдын» координатору Мамбетжунус Абылов менен маек.

– Президент Садыр Жапаров Бакыга расмий сапар менен жөнөөр алдында – сапардан кайтып келээри менен, кеңири интервью берем, ошондо бардыгын ийне-жибине чейин силерге айтып берем деп журналистерге билдирген. Ошол убадасына туруп, кечээ күнү ал «Кабар» улуттук маалымат агентинин директорунун орун басары Улан Чойбековдун өлкөдөгү маанилүү маселер боюнча суроолоруна кеңири жооп берди. Чойбеков андан оппозиция боюнча да эки суроо берди. Сиз ошол оппозициялык маанайдагы Бириккен кыймылдын координатору катары Садыр Жапаровдун жоопторун кандай кабыл алдыңыз?

Мамбетжунус Абылов: Өлкөдө оппозиция барбы? – деген Чойбековдун суроосуна президент оппозиция бар деп жооп берди. Ал эми анын кол алдында иштеген вице-премьер министр Эдил Байсалов болсо андан бир аз эле күн мурун – өлкөдө оппозиция жок, алар бар болгону коомдук активисттер деп оппозиция өкүлдөрүн шылдыңдаган. Мына ушул эле мисал бүгүнкү бийликте оппозиция боюнча бирдей пикир жок экенин көрсөтөт.

Дагы бир белгилей кете турган нерсе, Садыр Жапаров өз жообунда оппозициянын бар экени жакшы деп айтканы менен, «калп маалыматтарды таратып, элди дүрбөтпөш» керек деп оппозицияны күнөөлөп, оппозицияны «калпычы» адамдардын эле тобу катары элге көрсөтүүгө аракеттенди. Бул деген бийлик оппозиция менен диалог жолун эмес, жамандоо жолун тандап алганынан кабар берет.

Оппозицияга бириккендер жакында митинг кылабыз, бул бийлик болбой калды, аны кулатыш керек деген ниеттерин билдирип жатат деп Чойбеков сурады эле, Садыр Жапаров ага: «Элдин 80 пайызы мени колдоп жатканын билем. Бул пайыз менин президенттик мөөнөтүмдө көбөйбөсө, азайбайт. Мен азайганга жол бербейм. Ошондуктан башаламандык кылам деген ниети бузуктарды башынан сылабайбыз. Аёосуз жазага тартабыз», – деди. Сиз буга эмне дейсиз?

Мамбетжунус Абылов: Бийликке каршы көтөрүлгөн аксылыктарды аттырган Акаевдин, элди Бишкекте аттырган Бакиевдин, оппозиция келсе «ташбараңга» алып, кууп чыккыла деп Ошто элди үндөгөн Атамбаевдин тагдырлары эмне менен бүткөнүн эске алып, оппозицияны коркуткандын ордуна, Садыр Жапаров оппозиция менен диалог жолун тандаса жакшы болмок.

Себеби «Кыргызстандын бириккен демократиялык кыймылы» бийликти сындап эле жатпастан, мисалы, Кумтөр маселесин туура чечүү боюнча өзүнүн билдирүүсүндө бийликке сунуштарды да жолдоду. Сиздердин сайтыңарда чыккан ошол билдирүү менен бүгүнкүгө карата 91 миң 600дөн ашык адам таанышып чыгыптыр. Ошончо адамдын көңүлүн буруп жаткан биздин билдирүүгө бийлик кайдигер карап жатканын, бийликтин катасы деп баалайм.

Бийликти жалган маалымат менен жолдон адаштырып жаткан журналист Чойбековдон мен сурагым келет: айтыңызчы, ким Сизге «жакында митинг кылып, бийликти кулатабыз» деп айтты эле? Биздин өлкөдө оппозицияга бириккен бир гана кыймыл бар. Ал – биз түзгөн кыймыл. Азырынча бизден башка бириккен оппозиция жок. Биздин кыймылдын мүчөлөрү диалогго эле ыкташууда. Жөн эле президентти жалган сөздөр менен кабатыр кыла бербеңиз, Улан иним, – дейт элем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости