www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айыл чарба министрлиги үстүбүздөгү жылдын 21-апрелине чейин айыл чарба багытына берилген насыя боюнча маалымат таратты.

"Өсүмдүк өстүрүү" категориясына жалпы жонунан 2 090 кредит бөлүнүп, анын суммасы 886 миллион 933 миң сомду түзгөн.

Банктар боюнча маалымат:

"Айыл Банк" 884 кредит — 393 миллион 948 миң сом;

"РСК Банк" 1027 кредит — 407 миллион 450 миң сом;

КИКБ ЖЧКсы 179 кредит — 65 миллион 535 миң сом.

Мал чарбачылыгы багытына жалпы жонунан 3 396 кредит берилип, анын суммасы 1 миллиард 597 миллион 684 миң сомду түзгөн.

Банктар боюнча маалымат:

"Айыл Банк" 1 193 кредит — 754 миллион 874 миң сом;

"РСК Банк", 1 800 кредит — 835 миллион 579 миң сом;

КИКБ ЖЧКсы 287 кредит — 143 миллион 455 миң сом.

Агро кайра иштетүү багытына 77 кредит берилип, анын суммасы 121 миллион 860 миң сомду түзгөн.

Банктар боюнча маалымат:

"Айыл Банк" 41 кредит — 82 миллион 640 миң сом;

"РСК Банк" 26 кредит — 84 миллион 510 миң сом;

КИКБ ЖЧКсы 10 кредит — 35 миллион сом.

Үч категория боюнча 5 046 кредит берилип, жалпы суммасы 2 миллиард 491 миллион 505 миң сомду түздү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости