www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Табылды-мырза, бул жумада АКШ өлкөсү Тажикстанга курал белек кылды эле. Эки күн өтпөй тажиктер чек арада чыр чыгарды. Көздөгөнү эмне?
- Тажиктер тактикалык жактан катуу иштеп койду көрүнөт. Алар биздин Байрактарга ээ болгонубузду билип, АКШ менен сүйлөшүп, алардан аскер техникасын алып, бизге сүр көрсөтүп койду. Мунун баары бир четинен чек ара маселелерин сүйлөшүү Комиссияларынын иши башталаар алдында болуп жатат. Башкача айтканда, тажиктер кыргыз тарапты ийге келтирип, сүйлөшүүлөрдө аларга ийкемдүү болгудай кылып сүзүп коелу деп жаткандай.
АКШнын тажиктерге курал бериши биз үчүн бир аз оңтойсуз абалга калтырды. Берсе, эки тарапка тең берсе болмок. Бул окуя мурда Тажикстанды Москва колдоп жатат десек, бүгүн АКШ да аны колдогондой түр калтырды. Чек ара маселеси курчуй түштү.
- Мунун өзү Кыргызстан тез арада дүйнөлүк коомчулук менен өзүнүн мамилесин оңдош керектигин көрсөтүп жатат.
- Гезитибиздин өткөн санында Кумтөр бул багы ачылбаган проект деп айттыңыз эле. Биздин үлүштөр атайылап азайтылып келип, акыры таптаза жок кылынды дедиңиз эле. Сиздин айтканыңыз чын чыкты көрүнөт. Кумтөр боюнча жаңы келишимди канадалыктар Ж. Сатыбалдиевдин учурунда эле сунуш кылышкан экен да. Б.а. Ошондо канадалыктар кандай пландаштырышса, дал ошондой чечилген экен. Тек гана Ж. Сатыбалдиев макул болбой койгон, ал эми азыркы бийлик макул болуп, алардын планы ишке ашып турат. Туурабы?
- Ооба. Бул фактынын чыгып калышы, өтө эле кызык болду. Б.а. канадалыктар кантип 400 тонна алтынды алып алгандан кийин, оюндан оңой чыгып кетүүнү көздөсө, алардын планы аткарылып, оңой кутулуп кетишти. Б.а. бизди мат кылып кетишкендей. Эми Кумтөрдү кайрадан жаңы деңгээлге көтөрүү керек болот.
- Биздин бийлик, өкмөт ойлонуп иш кылып жатабы же эптеп кандай оң келсе уруп жатабы?
- Мен башынан эле системалуу иш жүрбөй жатат деп айтып келем. Реформалар системалуу түрдө жүрүшү керек. Кээде бийлик жөн эле имитация кылып жаткандай көрүнөт. Мисалы, тигини камаш керек, муну чыгарыш керек ж. б. у.с. Коррупция менен күрөш жүрүп жатат. Баарын камап жатат. Бирок, ал реформа эмес да. Минте берсе, С. Жапаровдун мөөнөтү бүткүчө өлкөдөгү мамлекеттик кызматкерлирдин жарымынан көбүн камап коюшаары мүмкүн. Реформа бул мамкызматкерлерди камоо эмес да, реформа бул коррупциялык схемаларды жоюу.
Айталы, тээ илгертен эле бажыдан 200 млн. доллар ай сайын ак үй, көк үйдөгүлөрдүн ж. б. сол чөнтөгүнө кетип турган. Ошол акчалар бюджетке кайтарылдыбы? Ошол коррупциялык схемалар жоюлдубу? Кептин баары мына ушунда.
- Табылды мырза айтсаңыз, биздин редакция сиздин арабдашуу боюнча макалаларыңызды бастырды. Коомчулук кызыгуу менен окуп, талкуу кылып жатат. Биздин редакцияга да келип жатышты. Бир топ суроолорду жана сунуштарды да айтышты. Ошолор менен бөлүшүп кетсеңиз?
- Ооба. Муфтияттын акыркы чыгарган фатвасы биздин имамдардын нукура жүзүн ачты. Алар Саудия өлкөсүнүн кызыкчылыгында баарыбызды мусулман кылып, ажылыкка баргыдай кылып алгысы келип жатканын көрсөтүү. Канчалык ажылыкка баргандардын саны көп болсо, ошончолук Муфтияттын капчыгы кампайып, Саудиянын бюджети толот экен. Б.а. арабдар исламды бизнес кылып, өзүлөрүнүн экономикасына иштетип жатканы калың журтка белгилүү болду. Бюджетти толтурууну, туризмди өнүктүрүүнү арабдар жакшы үйрөнгөндүгү анык болду.
Бирок, ошол эле учурда бул Кыргызстанда ар бир райондо исламга өзүнчө мамиле кылынаарын айгинеледи. Бир райондо исламга өтө берилип ишенип жатышса, башка биринде аны мусулманчылыктын парзы катары аздектээри билинди. Бирок, Муфтияттын фатвасы чыккандан бери айылдагы молдолор күчөп жатканын айтып нааразы болуп жатышат. Бул тууралуу фейсбукта да жазылып жатат.
Мага Жалал-Абад, башка областтардан аксакал адамдар келип, бир топ нерселерди айтып, ой бөлүштү. Алар президиент С. Жапаровдун исламга көп эле маани бере бербешин айтып коюну суранышты. Мен телевидениени көп көрбөйм. Өзгөчө КТРКны. Бирок, айылда аксакалдар дайыма көрөт экен. Алардын баамында Ак үйдөгүлөр исламга көбүрөөк маани берип жаткандай. С. Жапаров эл менен жолугушуп, сүйлөп бүткөндөн кийинки сөз аксакал адамга эмес, имамга берилип, андан соң аксакалдар сүйлөп жатат.
Кайсы президенттин учурунда ушундай болчу эле дешет. Саудияга барып, экономика жөнүндө сүйлөшпөй, Токмокко ислам Академиясын ачуу маселесин чечип келди. Биз С. Жапаровду президент кылып шайлаганбыз дешет. Анын исламга маани берип жатышы өтө эле көзгө өөн көрүнөп жатат деп айтышты. Аксакалдар мындай көрүнүштөргө кабатыр болуп жатышканын билдиришти.
Мындан башкада молдолор айыл турумушуна обу жок кийлигишүүсүн токтотушсун деп суранышты. Билбейм, муну Муфтият тыябы, жергиликтүү бийликпи, айтор коомчулукту кыжаалат кылып жаткан проблемалар бар экенин айтып койгум келет.
- Сиз өзүңүз С. Жапаров, К. Ташиевдерге эмне кеңеш бере аласыз?
- Менимче, азыр алар эч кимди деле укпайт. Кеңири кеңеш бергидей убакыт деле жок. Себеби, илимий ишим бар. Ошого күзгө чейин эч нерсе жазбай, баарын токтото туруш керек болуп жатат. Себеби, илимий ишимди аягына чыгарып коюшум кажет. Бирок, бир –эки ооз сөз менен айтсам, системалуу иштөөгө аракет кылышса, алда канча жыйынтык болоор эле.
Эл да минтип чабылып, кыйналбайт эле. Негизи Кыргызстанда эл бийликке эмнеге ишенбейт ошону жакшы билип алышаары керек. Жаңы келген бийликтин аброю эмнеге 1 же 2 жылдан кийин түшүп, кайра тез ылдамдык менен бийликтен жылмышып калып жатат ошону тактап алуулары абзел.
Анткени, Кыргызстанда бийликти кулатуу норма болуп калды. Канча камабасын, канча коркутпасын, сааты чыкканда бийлик сөз жок кулап калып жатат. Себеби, бир жылдын ичинде эл жаңы бийликтин көздөгөн максатын, планын так жана анык билип калып жатат. Жаңы бийликке келгендер өлкөнүн экономикасын, байлыгын толугу менен өздөштүрүп, бардык кендерди, финансы булактарын өздөрүнө буруп, сол чөнтөккө иштеп жатканы анык болуп калып жатат. Ошого бийликтин аброю түшүп, бат кулап жатат. Ошондуктан, ислам ж. б. ар нерсеге алаксыбай, экономиканы турукташтырып, аны которуу менен гана алектенишсе элдин ишеними артат дейт элем.
- Акылбек Жапаровду кызматтан чегинет деп жатышат. Себеби, эмнеде?
- А. Жапаров жаманбы, жакшыбы, айтор Кумтөрдү өлкөгө кайтарып алды. Ошону менен анын миссиясы бүттү дегендер жаңылышып калышаары мүмүкүн. А. Жапаров экономика, финансы боюнча адис. Ал башкаларга караганда өлкөнүн экономикасынын абалын жакшыраак билет. Албетте, анын идеялары кедээ жакпаса да, ал стратегиялык деңгээлде ой жүгүртөт. Өлкө кыйын абалда турганда, аны кызматан кетириш үчүн, анын өзүндөй экономиканы билген адамды табыш керек.
- Ким бар?
- Мен бүгүнкү күндө президент С. Жапаров А. Жапаров менен Б. Талгарбековду улам алмаштырып иштетсе бир натыйжа чыгабы деп ойлойм. Б. Талгарбеков да экономиканы жакшы түшүнгөн адис. Мурда министрлик кызматта иштеп, жакшы такшалып калган. К. Осмоналиев да дайын кандидат деп ойлойм.
- Бирок, А. Жапаров Жетим тоону иштетебиз деп, акырын кыйытып жатпайбы?
- Менимче, жетим тоону которуу туура эмес. Бүгүн бийлик эптеп карманып турат. Жетим тоону которуп болгон рейтингин дагы тогуп алса, чатак эле болот.
- А. Жапаров мигранттарды келбесин, келсе, өлкөгө кыйын болуп калат деп жатат. Өкмөттө идея жок, абал да жакшы эмес экени көрүнүп турат. Эмне кылса болот?
- Мигранттардын проблемасы өтө татаал. Мен Илимдер Академиясында иштеп жүргөндө Түркия, Гермния, Австрия ж. б. батыш өлкөлөрүнө барганда, Түркиянын мигранттар менен иштөө тажрыйбасын изилдегем. Буларда, ар кандай коомдук уюмдар түзүлүп, мигранттарды акырындык менен туура багыттап турган. Мен да өз сунуштарымды өкмөткө айтып көргөм. Бирок. бизде кызыгышпайт экен.
Мисалы, Орус империясы Борбордук Азияны басып алгандан киийн, кайсы чөлкөм эң бай экен деп изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Эң бай чөлкөм катары Красноярский крайы таанылган. Ошондуктан биздин мигранттарды акырындык менен Красноярскиге багыттап, бул чөлкөмдү Орусиянын чыгышындагы кыргыздардын борборуна айландырса туура болмок деп ойлойм. Бул чөлкөмгө кеминде 200 миң кыргызды отурукташтыруу керек. Ошондо кыргыздар Орусиянын татар, алтай, хакас, тува, башкыр ж. б. элдериндей эле статустагы этноско айланышат. Булар менен камыр –жумур жашап кетишет.
- Тескерисинче, алар менен проблема да болуп жатпайбы?
- Ооба. Бирок. бул дайыма эле эмес да. Мисалы, алтайлыктарда умндуз, дана, тоолос уруулары бар. Бирок, биде мундуз жана долоос уруулары саны боюнча жалпы алтайлыктардын санынын көп болуп жатпайбы. Мисалы, бизде булар кеминде 200-300 миңди түзөт. Биздеги мунгуштар тувалык мунгуштардан 4-5 эсе көп. Кеминде 400-500 миңдей мунгуш бар. Алтайлыктар, тувалыктар биздеги мундуз, толос, мунгуштар жөнүндө сурап калышат. Мен алар силерден аябай көп десем, таң калышат. Анда бизге келишпейби дешип. Б.а. алар тууган тутуп жатышат. Демек, бизден барган алардын урукташтыры да алар менен сый-урматта болушуп, бир эл болуп кетет деген үмүт бар. Менимче, бул сунушту эми доолос, мундуз, мунгуштар өз курултайларында карап көрсө болот. Жок эле дегендей ар бири 20 миңдей азаматтарын жиберсе, бул иш алдыга жылыт эле.
- Бул канчалык пайдалуу?
- Красноярскини борбор кылуу менен биз Орусия менен мындан дагы тыгыз интеграцияланышмакпыз. Кыргыздар толук кандуу улут катары спроттун бардык түрү боюнча чеипионаттарга катыша алмак. Бизде анча өнүкпөгөн спорттун түрлөрүн өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк алышмак. Муну дароо кура албайбыз. Акырындык менен балдар бир мектепте окуй тургандай болуп, компактуу жайгашыш керек. Айыл тамак аштары менен камсыз болуш үчүн, эки-үч айылга да жайгашыш керек. Ошол айылдарда майрамдарды, көк бөрү, ат чабыш өткөрүп тургудай кылып.
Ал эми мамлекет тынымсыз аба каттамын камсыз кылып бериши керек. Кыргыз тил фонду кыргыз тилин үйрөнүү үчүн ар түрдүү усулдардын, пособиелердин эл.версияларын чыгарып, аларды интернетке жүктөп туруусу тийиш. Бул Мамлекеттик тил Комиссиясы түздөн-түз милдети болушу керек. Мигранттар бизден дайыма кыргыз тилин үйрөнүүгө арналган усулдарды.
Китептерди интернетке киргзүүнү өтүнүп келишет. Бирок, Мамлекеттик тил Комиссиясы муну өзүнүн иши катары колго албай келет. Акча жок деп коюп олтура беришет. Интернетти карасаңыз. Хакас, алтай, тува тилдерин үйрөнүү боюнча толгон усулдарды, китептерди көрүүгө болот. 1,5 млн. мигрантыбыз бар деген менен, кыргыз тилин аларга жайылтуу маселесине кайдыгер мамиле болуп келет.
- Кыргызстанда тендерлер жоюлмай болуптур деп жатышат. Маселе чечилеби?
- Кыргызстан 30 жыл аралыгында коррупцияны ооздуктоо үчүн көп чечимдер кабыл алынган. Бирок, бүгүн болсо, алардын баары кайра каралып жатат. Б.а. өлкөдө кайрадан коррупция күч алышына кеңери жол ачып жатышыбыз мүмүкүн.
- Бакиевдер акталат, күздө өлкөгө кайтып келет дешет. Бирок, ошол эле учурда Акаев, Бакиев жаңы толкундардын алдын алып, өз кандидаттарын дайындап жатышыптыр деп жатышат. Көшөгө артында ушундай оюндар жүрүп жатат дешет?
- К. Бакиевдин өлкөгө келиши кыйын го, бирок күзгө чейин акталышы мүмкүн. Прецендент да бар. Кечээ эле Ж. Сатыбалдиевди кылмыш ачуу мөөнөт мүмүкүнчүлүгү жокко чыккандыгына байланыштуу, ага карата ачылган кылмыш иштери кыскартылып жатат. К. Бакиевдин ишин кароочу мөөнөт жакынкы айларда бүтөт деген сөздөр бар. Кыязы, Бакиевдин иши да кыскартылып калышы мүмүкүн.
Менимче, Бакиевге эң башкысы акталып алуу, андан кийин ага эч нерсенин кереги жок болуш керек. Б.а. айтканда топон суу жүрсө да, ага баары бир болуш керек.
Булак: Жаңы Ордо