www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык шылуун Жеффри Эпштейнге байланыштуу жаңы документтер АКШнын министрлиги тарабынан ачыкка чыгарылган. Бул документтерде Россия жана Россия менен байланышкан адамдардын аты бир нече жолу айтылганы тууралуу дүйнөлүк маалымат агенттиктери жазып чыкты. Алардын арасында Тышкы иштер министри Сергей Лавров дагы бар.
Алсак Reuters агенттиги кабарлагандай, АКШнын чыгарган документтеринде Россия бир нече жолу сөз болгон, анын ичинде Россиядан келген аялдардын да аты аталган.
Кремль өкүлү Дмитрий Песков мындай маалыматтарды четке каккан — аны “жөн гана спекуляция” деп атап, чындап далилденген маалыматы жоктугун” билдирди.
Эпштейндин тизмесине Россиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавровдун бар экендиги айтылып талкуу жүрүп жатат.
Чынында Лавровдун Эпштейндин файлындагы элиталардын тизмесинде анын аты бар экендиги тууралуу так далил жок. Эгерде кандайдыр бир так маалымат болгондо Россияны нече жылдан бери бир беткей сындап келген Батыш сүрөттөрүн эбак жарыяламак.
Ошентип Кремль жана Сергей Лавров жогорку маалыматтарды жокко чыгарып, кабарларды божомол катары билдирди.
Эске сала кетсек, Джеффри Эпштейн — америкалык финансист, миллиардерлер жана саясатчылар менен байланышта болгон киши. Ал жашы жете элек кыздарды сексуалдык эксплуатациялоого байланыштуу көптөгөн кылмыштарга айыпталган.
Ал, 2008-жыл — Флоридада жашы жете электерге карата кылмыш иши боюнча соттолгон, бирок жеңил жаза алган. 2019-жыл — Нью-Йоркто кайрадан адам сатуу жана сексуалдык эксплуатация боюнча камакка алынган. 2019-жылдын августу — түрмөдө өз жанын кыйган.