www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгында “Эмаком” курулуш компаниясынан жабыр тарткан жарандар менен жолугушту. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууга Ош ШИИБдин башчысы Дамир Исаков, тийиштүү кызматкерлер, компаниянын мурдагы директору Э.Р.Жусупов жана 80ден ашуун жабыр тарткан жарандар катышты.
Жарандар тарабынан компаниянын камактагы мүлктөрүн пайдалануу аркылуу курулуш объектилерин бүткөрүп, келтирилген чыгымдарды өндүрүү, ошондой эле бир эле батир бир нече адамга сатылган фактылар боюнча чара көрүү маселелери көтөрүлдү.
Министрдин орун басары бардык арыз-даттануулар боюнча толук текшерүү жүргүзүлөрүн, козголгон кылмыш ишинин алкагында компаниянын директору камакка алынып, тергөө иштери уланып жатканын билдирди. Компания куруп жаткан бардык объектилер текшерилип, аныкталган мыйзам бузууларга укуктук баа берилет.
Ошондой эле компаниянын мурдагы директорунун социалдык тармактардагы билдирүүлөрү боюнча да текшерүү жүргүзүлүп жатканы маалымдалды.