www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Манас шаарында Ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Эркебек Аширходжаев “Дастан Курулуш” (ЭМАКОМ) курулуш компаниясынан жабыркаган жарандар жана компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга жалпысынан 100дөн ашык адам катышты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле Жалал-Абад облустук ИИБдин жетекчилиги жана тийиштүү кызматкерлер катышты.

Жабыркаган жарандар компаниянын камактагы мүлктөрүн пайдалануу аркылуу курулуш объектилерин бүткөрүү, келтирилген чыгымдарды өндүрүү боюнча маселелерди көтөрүштү.

Өз кезегинде Эркебек Аширходжаев катышуучуларга кылмыш ишинин алкагында компаниянын директору камакка алынып, тергөө иштери уланып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында “Дастан Курулуш” ЖЧКсына карата жалпысынан 66 материал катталып, анын ичинен 41 кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилип соттук кароого жиберилген. Келтирилген материалдык зыяндын жалпы суммасы 36 миллондон ашык сомду түзөт.

Иш-чаранын аягында министрдин орун басары жарандардын маселелери көз жаздымда калбай турганын, бардык фактылар мыйзам чегинде калыс иликтенип, жабыркагандардын укуктарын коргоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.  

Последние новости