www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия менен АКШнын тиешелүү департаменттеринин башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуу жакынкы эки жуманын ичинде өтөт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине берген маегинде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) орун басары Сергей Рябков билдирди.
"Бардык татаал маселелерди комплекстүү жана терең талкуулоо үчүн тиешелүү кеңешмелерди өткөрүү боюнча негизги макулдашуу бар. Азыр америкалык тараптан биздин маектешибиз ким болору тууралуу маалымат күтүп жатабыз. Биз бул ишти мүмкүн болушунча тез баштоого даяр экенибизди тастыктадык. Ошондой эле, жолугушууга чейин тиешелүү департаменттердин директорлору консультациялык байланыш жүргүзөрү боюнча түшүнүшүү бар. Алардын жолугушуусу алдыдагы эки жуманын ичинде өтүшү мүмкүн", — деди Рябков.
Дипломаттын айтымында, жолугушуу үчүнчү өлкөдө өтөт жана анын так орду азыр макулдашылууда.
"Биз Эр-Риядда бул маселелер боюнча (Орусия менен АКШнын ортосундагы пикир келишпестиктер боюнча – ред.) өз көз карашыбызды сунуштаганбыз. Азыр америкалык тарап бул сунуштарды карап жатат. Биз аларды андан ары конкреттештиребиз жана зарыл болсо, кээ бир сунуштарыбызды аларга иштетүүгө ыңгайлуу болушу үчүн жазуу жүзүндө беребиз", — деп түшүндүрдү Рябков.