www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен Казакстандын ИИМинин өкүлдөрүнүн ордунда болсом, иллюзияга жана оптимисттик жыйынтыктарга келип, “Кордайдагы конфликт токтотулду” деп шашылыш рапорт бермек эмесмин. Кырдаалды өлкөнүн масштабында кароону сунуштайм.
Бизде эмне бар: 1. Дунгандар- өлкөнүн түштүгүндө жашаган, ичпеген этникалык топ. 2. Алар мусулмандар, диний ишенимин бекем карманышат. 3. Төрөлүү боюнча аларда көйгөй жок. 4. Дунгандар- жакшы бизнесмендер жана дыйкандар. 5. Дунгандар-казактарга жакын этникалык топ. 6. Дунган этникалык тобу акырындап чоңоюп баштоодо. Аны менен бирге алар Кордайдагы өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарын да кеңейтишүүдө.
Эми ошол эле Кордайдагы казактарга эмне болуп жатат?
1. Казактардын көпчүлүгү ичпейт. 2. Казактар мусулмандар ислам конондорун караманышат. 3. Казактардын дунгандардай эле төрөлүү менен көйгөй жок. 4. Өлкөбүздүн түштүгүндөгү казактар бизнес жана дыйканчылык боюнча кем калышпайт. 5. Казактар консолидардуу улут. 6. Казактардын саны өсүп, Кордайдагы өзүнүн экономикалык кызыкчылыктарынын аймагын кеңейтишүүдө. А Кордай бул–Кыргызстан менен Казакстандын чек арасы. Бул жерде акчанын чоң агымы менен бирге аткезчилик жана соода аркылуу түшкөн сумма айланат. Башкача айтканда, титулдук улут-казактар жана этникалык топ-дунгандардын экономикалык кызыкчылыктары кагылышат. Ошондуктан өз ара түшүнбөстүк келип чыгат. Түшүнбөстүк, таарыныч бар жерде идеология жаралат. Дунгандардын идеологиясы-улуттук, антиказактык, антимамлекеттик. Ушул учурда дунгандарда казактар басып алды, өлкөдө дунгандардын келечеги жок, бул өлкө адилетсиз деген сөздөр пайда болот. Мына ушул жерден толук кандуу карама-каршылыкка жол ачылат. Бул антиказактык, мамлекетке каршы идеология бир адамдын идеологиясы болушу мүмкүн эле. Бирок керектүү учурда баардык нерсе көзөмөлгө алдын ала алынбагандыктан, Казакстандагы көпчүлүк дунгандардын идеологиясына айланып кеткен. Мына биздин маселебиз эмнеде? Кордайдагы казактар менен дунгандардын улуттук кагылышынын түпкү себеби ушунда.
Демек, дунгандардын конфликтти башташы кокустук эмес. Дунгандардын чөйрөсүндө казактарга каршы маанай башталганына көп болду. Казакстан Элдеринин Ассемблеясындагы дунган өкүлдөрү өз уруусунун ичинде эч кандай таасири жок көрүнүп, майрамдарда улуттук ырларды аткаруу, бий менен бул көйгөйдү чечип болбойт. Бирок Казакстандын түштүгүндө жер аз болсо (бул жаштар арасындагы жумушсуздук дагы болуп саналат), ошол эле учурда эки улуттун ортосундагы төрөлүү жогору. Андыктан ИИМдин чиновниктеринин «конфликт токтоду, тынчсызданууга себеп жок» деген билдирүүсү туурабы? Мен антип айтмак эмесмин. Өлкөнүн түштүгүндөгү калктын көйгөйүн бир эле полиция менен чечип болбойт. Мындан сырткары, казактар Казакстандагы бардык этникалык топтордун өкүлдөрүнө жакшы мамиле жасап келген, бирок миллион суроо бар.
-Эмне үчүн Казакстан Элдер Ассемблеясынын мүчөлөрүнө Казакстандын парламентинде Жогорку мыйзам чыгаруучу органына демократиянын негизинде эмес түздөн-түз квота бөлүнгөн? А бирок эмне үчүн өз уруулаштарын мамлекетибиздин түштүгүндөгү эли аз болгон жакка көчүрүүгө квота жок?
Биз ушундай жол менен гана Казакстандын түштүгүндөгү жумушсуздукту, кырдаалды жөнгө сала алабыз. Ошол эле дунгандардын Кордайдан башка жолу жоктугун да көрүп турабыз. 130 жыл мурда качып келген Кытайга алар бара алышпайт. Кытайга качкындардын кереги жок. Дунгандар 2006-жылы Кыргызстандан Кордайга качып келишкен (ред., 2006-жылы дунгандар Чүйдүн аймагына автономиялык облус курабыз деп чыгып, анысы ишке ашкан эмес), ал жакка да кайра бара алышпайт. Бирок Казакстандын түндүгүндө бардык улуттун өкүлдөрү үчүн жумуш да, турак-жай да табылат. Биздин Казакстан Элдер Ассемблеясы үчүн айдала элек даяр талаа ушул жерде. Алар Казакстан түндүгүндө эмгекке жарамдуу жаштардын артык саны үчүн квоталар берилсин. Орустар кеткенден кийин бошогон жерлерди иштетип, жаңы үйлөрдү куруп, мамлекеттик программа боюнча жаштар арасындагы жумушсуздук көйгөйүн чечишип, өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн кызмат кылышсын. Менин оюмча Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кордайдагы улуттар ортосундагы кагылышты баалоодо өтө этият болушу керек. Казакстандык көпчүлүк шайлоочуларын таарынтып, өзүнө каршы кайрап албашы зарыл. Мына ушул жерде Токаевге дипломатиялык таланты абдан керек болот.
Серик Малеевдин пикири Казакстандын https://www.altyn-orda.kz/ сайтынан кыргызчаланды:
Булак: NazarNews.kg