www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ар бир жаран өлкө экономикасын өнүктүрүүгө кызыкдар болуш керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылдагы иштеринин жыйынтыгы боюнча кеңири коллегиясында билдирди. 

«Дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө, анын ичинде экономикалык өнүккөн өлкөлөрдө инвестицияларды тартуу боюнча өтө олуттуу иштер жүрүүдө. Инвестиция жок, экономика өнүкпөй турганын баары түшүнүшөт. Муну биз кыргызстандыктар да түшүнө турган учур келди. Биздин жарандардын инвесторлор ишке ашырган ири долбоорлор тууралуу маалымат алуу укугу бар жана алып турушат. Республикалык ведомстволор жана ММКлар түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жатышат. Бул иште жергиликтүү бийлик органдары да четте калбашы керек. Ат-Башы районунун жашоочулары активдүү позициясын карманышат деп мен да ишенем, Индустриалдык-соода-логистикалык борбордун курулушу ириде алардын кызыкчылыктарына жооп берет: биринчи кезекте дал ат-башылыктар жумуш орундары менен камсыз болуп, жергиликтүү бюджет сезилерлик киреше алат. Ошондуктан адамдардын негизсиз сөздөрдү жайылткан чагымчылдарга алдырышына жол бербешибиз кажет» -, деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы белгилегендей, Ат-Башы районунда логистикалык борбордун курулушуна 280 млн АКШ долларын салууга кытай инвестору даяр.

«Көптөр ойлогондой, бул жөн эле чоң базар эмес. Бул логистикалык борбор. Анын аймагында өндүрүштөр түзүлүп, 15 миң адам туруктуу иш таба алат. Ишкананын ийгиликтүү иши жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүп, ишкердик активдүүлүктү арттырат. Өлкөгө киреше алып келе турган жердин жөн тура бергени кажетпи. Биз 200 га жерди 49 жылга ижарага берүү тууралуу айтып жатабыз, ал эми коңшу өлкөлөр миңдеген га жерлерди инвесторлорго берип жатышат. Анткени алар бул кирешелүү экендигин билишет. Биз инвесторду чочуткандын ордуна, тескерисинче, чакырып, кызматташып, коргоого тийишпиз. Мен, Премьер-министр катары биздин өлкөгө келип, биздин мыйзамдарды сактап, ата мекендик экономиканы өстүрүүгө шарт түзгөн бардык инвестицияларды колдойм. Өлкөдө тартип болушу абзел», - деп баса көрсөттү Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы өлкөнүн аймактарында жайгашкан жана экономиканын өнүгүшү, өз ара сооданы көбөйтүү менен алектенген бир катар объекттерди мисал келтирди.

Премьер-министр коллегиянын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерине кыйла сапаттуу жана таасын иш планды түзүүгө тийиштүү так тапшырмаларды берди, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости