www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төөдөн түшсө, атка минет…

Эмненин шарапаты менен кадрлар алмашыла баштады дегендин жообу бар. Анткени ири саясий өнөктүк өкүрөңдөп босогого баш багып калды. Ошондуктан бийликтин позициясы бекемделиши зарыл. Демек, ээрден оогон өз адамдардын бир тал чачын түшүрбөй башка кызматка алып келиш кажет. Ушул принципти карманган өлкөнүн “билермандары” улам жаңы дайындоолор менен алек.

Маселен, өкмөт башчынын орун басарлыгынан буту тайыган Замирбек Аскаров эми өзгөчө кырдаалдар министри болору турган эле иш. Себеби, шыбыш чыкты дегиче парламентте отурган депутаттар жапырт түрдө анын талапкерлигин колдоп беришет. Мурдагы министр Нурболот Мирзахметов болсо Жалал-Абад облусунун губернатору болуп калды. Кандай болгон күндө да бийликтин “акырынан” жем жегендер талаада калбайт. Карга кантип карганын көзүн чукусун, ботом…

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости