www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Трамп импичмент үчүн өч алды

АКШнын президенти Дональд Трамп импичментти колдогон эки чиновникти иштен алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Маалымат ылайык, АКШнын Европа Биримдигиндеги элчиси Гордон Сондланд кызматтан кетти.

Сонланд буга чейин Конгрессте президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо маселеси боюнча көрсөтмө берген. Ал кызматтан кетүүнү президент сунуштаганын билдирди. Ага чейин Улуттук коопсуздук кеңешинин кызматкери Александр Виндман кызматтан бошотулуп, АКШ Ак үйүнөн күзөт кызматынын кайтаруусу менен чыгарылган.

Виндман АКШ Конгрессинде көрсөтмө берип, Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийге мыйзамсыз талап койгонун билдирген. Ал эми Сондланд Зеленскийдин АКШга сапарынын бир шарты катары мурдагы вице-президент Жо Байдендин үй-бүлөсүнө карата иликтөө баштоону талап кылганын айткан болчу.

Белгилей кетсек, Сондланд Дональд Трамп президенттикке талапкер катары шайлоо кампаниясына эң көп акча сарптаган ишкерлердин бири болчу. Ал Трамп президенттикке шайланган соң АКШнын Европа Биримдигиндеги элчилигине дайындалган.

АКШнын Сенаты Дональд Трампты президенттик кызматтан кетирүүгө каршы добуш берди. Трамп «Кызматынан кыянат пайдалануу» жана «Конгресстин иликтөөсүнө тоскоолдук кылуу» беренелери боюнча акталып, андан бардык айыптоолор алынган болчу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости