www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Актөбөдөн Сеулга келген маркум Мадина Шерниязованын эжеси кырсык тууралуу айтып берди. Дамиранын айтымында, кыз Хэллоуин майрамын эч качан майрамдабагандыктан, анын урматына уюштурулган иш-чараларды көрүү ага кызыктуу болгонун "Диапозонго" берген маегинде айтты.
Итаэвон районунда
кече болгон. Мадина эртеден кечке иштери менен жүрүп, кечинде досу менен жолугуп, чогуу убакыт өткөрүүгө макул болгон. Кийинчерээк ошол досу Мадинанын үй-бүлөсүнө окуя кандай болгонун айтып берген.
"Мадина экөөбүз күнүнө эки жолу чалышып турчубуз. Ошол күнү кечинде ал байланышып, кат алышып, мага майрамдан видео жөнөттү. Мен андан акыркы билдирүүнү саат 21:47де алдым. Бир нече мүнөттөн кийин баары башталды", — дейт маркумдун эжеси.
Анын айтымында, Мадина досу менен жолугуп, мекемеде кечки тамактанышып, чоң көчө менен сейилдеп келүүнү чечишкен. Жаштар ал жерде өздөрүн ыңгайлуу сезишкен эмес. Адамдардын көптугүнөн аларга аба жетишпей, Мадина элди жактырбай, үйүнө кайтууну сунушган.
Алар сыртка чыгууга аракет кылганда, ошол тар көчөгө келип калышкан. Эпицентрге жеткенде, коркуп, бири-бирин колдорунан кармашышкан.
Бир убакта жаштардын артынан катуу түртүш болду. Андан улам адамдар жыгылып башташкан. Мадина элдин арасында калып, ал эми анын досу алдыга түртүлүп, эсин жоготкон.
Жигит эсине келери менен дароо Мадинаны издей баштаган, бирок таба алган эмес. Кийинчерээк милиция кызматкерлери келди. Жаш жигит мунун баары 3 секундда болгонун, эч нерсени түшүнүүгө үлгүрбөй калганын айтты. Элдин баары шок болуп, эмне кылып жатканын түшүнүшкөн жок.
"Эртең менен апам телефон чалып, байланышпай калгандыгын айтып, мени таап берүүмдү өтүндү. Мен аны сооротуп, Мадина кечеден кийин уктап жатса керек дедим. Ал дайыма билдирүүлөргө жооп берип турчу, бирок бул жолу жок болду. Андан такыр кабар болбоду. Бир аздан кийин атам чалып, кайда экенимди, эмне кылып жүргөнүмдү сурап, срочно сүйлөшүшүбүз керектигин айтты. Анан мен өзүмдү ыңгайсыз сезип баштадым, - деп эскерет Дамира.
Кырсык болгондо атам да түштүк борбордо болчу. Консул ага телефон чалып, сөөктүн өздүгүн аныктоону суранган. Мадинанын атасы аны видео чалуу аркылуу көрүп, анын кызы экенин тастыктаган.
"Интернеттен бул окуянын видеолорун тынымсыз көрүп, элдин арасынан аны издеп, окуя кандай болгонун түшүнүүгө аракет кылам. Азыр бири-бирибизге жөнөткөн билдирүүлөр мен үчүн өзгөчө, аларды кайра окуп, ар бир кичинекей нерсени түбөлүккө эстеп калууга аракет кылам”,-дейт Дамира.
Эске салсак, каргашалуу окуя 29-октябрдан 30-октябрга караган түнү Сеулдагы Итаэвон аймагында болгон. Майрамды белгилөө үчүн 100 миңдей адам чогулган. Тыгында, 150дөн ашуун адам каза болду, анын 19у чет элдиктер, Жабыркагандардын арасында бир казакстандык кыз болгон.
Булак: NazarNews.kg