www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОго Украинанын кошулам дегени Путин үчүн безге тийгендей болду. 1990-жылы НАТО Горбачевду биз чыгышка жылбайбыз деп кур сөз менен бал эмизип социалисттик мамлекеттерде төңкөрүш жасап, мурун 16 мамлекет болсо НАТОнун санын 30га жеткизген. 1991-жылы СССРди тараткан, андан Балтика боюндагы Латвия, Литва, Эстония НАТОго кошулган. Эми экс-СССРден Украина, Грузия, Молдова кезекте турат. Путин биз мурунку Орусия эмеспиз, эми Чыгышка жылбайсыңар деген сөзүнө, НАТО кол шилтеп койду. Вето койо тургандай силер кимсиңер деп коюшту.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Прагада өткөн Европа саясий бирикмесинин саммитинде дүйнөлүк лидерлер менен Россиянын президенти Владимир Путинге карата туура эмес мамиле жөнүндө сүйлөштү. Түркия президенти A Haber телеканалына берген интервьюсунда: "Прагада ким менен сүйлөшпөйүн, баары ага каршы. Мен бул туура эмес экендигин айттым. Эгерде силер Россиядай мамлекетке каршы болсоңор, ал (Путин) чегинип калбайт, кайра өзүн дүйнө лидери катары көрсөтөт... Россия сыяктуу дүйнөдөгү эң абройлуу өлкө болуп туруп сиз мындай кол салууларга "макул" деп тура берет белеңиз? Бул мүмкүн эмес да дедим", — деген Эрдоган.
Ошондой эле ал Путин басымдан улам артка чегине турган саясатчылардан эмес экендигин кошумчалаган. Мындан тышкары, Эрдоган Германиянын канцлери Олаф Шольц Россияга карата мамилесин өзгөрткөндүгүн айтты. "Бир ай мурун эле Путинге карата башка көз карашта болуп жаткан Шольц азыр Россияга болгон оюн өзгөртүп, аны менен тил табышуу зарылчылыгын белгилөөдө", — деген Эрдоган.
Түркия президенти өз кезегинде эл аралык аренадагы көйгөйлөрдү жөнгө салууда "лидерлердин дипломатиясы" чечкиндүү роль ойной турганын белгиледи. Буга чейин Түркия президенти Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүдөн соң "эгин коридорунун" ишин калыбына келтирүү макулдашылганын айткан. Киевдин Кара деңиз флоту менен Севастополдогу акватория кемелерине террордук кол салуусунан кийин Россия 30-октябрда Украина портторунан азык-түлүк ташууга катышууну токтото турганын жар салган.
Кийин Москва Киевден мындан ары бул сыяктуу иштер кайталанбайт, гуманитардык коридорлор аскердик максатта колдонулбайт деген кепилдик алган. Эки мамлекеттин ортосуна Түркия түшкөн. Ушул жылдын 22-июлунда Россия, Түркия, Украина жана БУУ эгин келишимине кол коюшкан. Анда Украинадан дан, азык-түлүк жана жер семирткичтерди үч порттон, анын ичинде Одессадан Кара деңиз аркылуу ташуу макулдашылган. Келишим 19-ноябрда аяктайт.
АКШ болсо Путин, Мишустин, Шойгу, Лавровду кара тизмеге кошкон. АКШда «Магнитскийдин тизмеси» -деген мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамга АКШ эмне десе «ляппай» дешип макул болгон, бир топ Евросоюз мамлекеттери кошулган. Азыр Орусия жана анын тарапташтарына экономикалык жактан басым жасап келаткан АКШ, «өзүнүн кол жоолуктарына» айланып калган «нпошниктери», батышчыларды акча менен сугарып, СССРди бүлүндүргөндөй эле, Орусия жана анын кызматташтарын бүлүндүрүп, бөлүп, талап-тоногусу келип турат. Бул кимдерге жакшы, албетте, Батыштын кызыкчылыгы үчүн, АКШнын «жашылбайларын» алып Мекенин саткандан кайра тартпаган, ошолордун акчалары менен жан багып көнгөн «лжепатриотторубуз» үчүн гана жакшы.
Магнитский 2000-жылдын башында 230 млн. долларды орусиянын тиешелүү ыйгарымдуу адамдары жаап-жашырып, уурдап алышкандыктарын айгинелеп чыккан. Бирок, ушундан соң бул юристти СИЗОго камашып, ал 2009-жылы көз жумган.
СССРди славяндар мамлекетинин батышчыл-демократтары Ельцин, Шушкевич жана Кравчук жок кылган. СССР тараганы АКШнын атаандаштары таланып-тонолуп Борис Ельциндин жубайынын улутташтары «жети еврей» Орусияны өзү билип калган. «Жети еврейдин» колуна түшкөн Орусия экономикалык жактан алсыз мамлекеттин катарына кошулуп, аны менен бирге бүт бөлүнүп кеткен мамлекеттер артты көздөй сүрүлө баштаган.
2000-жылдары мекенчил сезимдери менен Владимир Путиндин Орусиянын башына жетекчиликке келиши АКШ сыяктуу Батыштын мамлекеттерин чоочутуп койгон. Орусия ШКУ, ЖККУ, ЕврАзЭК сыяктуу дүйнөлүк кызматташтык уюмдарын чыңдап, АКШ дүйнөлүк лидер катары саясатты монополиялаштырып алуусуна каршы чыккан. 2022-жылы Казакстанда болгон чаң тополоңду ЖККУ аскерлери баскан соң ЖККУнун кадыр-баркы арта баштады. Ушундай кырдаалдарда Орусия адам укугун бузуп жатат деген шылтоо менен 2012-жылы «Магнитскийдин тизмесин» Конгресстен өткөзөт.
Мурун Американын Ак үйүнүнүн сайтында Орусия президенти Владимир Путинди тизмеге кошуу боюнча петиция башталат. Ошол эле убакта бардык орус депутаттарын бул тизмеге кошуу боюнча петиция да башталат. Бул петиция боюнча 25 миң адам колдосо Ак үй карамак? Путин -12 миң добуш, депутаттар -50 миң добуш алат. Бирок Вашингтон мындай талаштуу нерселерди Москва менен кеңешип чечүү жолун карап, петициялар сайттан алынып салынган.
Акыркы болуп жаткан окуялардан улам АКШ Путин, Мишустин, Шойгу, Лавровду кара тизмеге кошобуз деп турушат. Алардын кылдары да кыйшайган жок, себеби ал жакта эч мүлктөрү жок экен.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg