www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сеулдан Бишкекке 123 кыргыз жараны кайтып келди

Сеулдан Бишкекке КР жарандары кайтып келишти, ошондой эле гуманитардык жүк жеткирилди.

2-сентябрда "Манас" эл аралык аэропортунда Сеул-Бишкек каттамы боюнча «T-way» авиакомпаниясынын чартердик рейсин тосуп алышты.

Кыргызстанга Корея Республикасынан 123 КР жараны учуп келди.

Бул каттам менен ошондой эле Түштүк Кореянын уюмдары тарабынан COVID-19га каршы күрөшүү боюнча жардамдын алкагында, медициналык беткаптардан жана контактсыз термометрлерден турган гуманитардык жүк жеткирилди.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтарып келүү боюнча КР Президентинин жана Өкмөтүнүн тапшырмаларын аткаруунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер улантылууда.

Булак: ktrk.kg

Последние новости