www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Северэлектро” ААК 2018-жылдын оңдоо иш-чараларынын чегинде Бишкек жана Талас шаарларындагы, Чүй облусунун көйгөйлүү участокторундагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларын өзүн өзү изоляциялаган зымдарды колдонуу менен реконструкциялоодо. “Северэлектро” ААК боюнча 2018-жылдын 1-июнуна 23, 6 чакырым аба электр чубалгылары өзүн өзү изоляциялаган зымдарга алмаштырылды. Жалпысынан, быйылкы жылы акционердик коом боюнча 437,4 чакырым чубалгыларынын алмаштырылышы мерчемделген, анын ичинен:
Бишкек шаарында-180 чакырым,
Чүй облусунда – 157,4 чакырым,
Талас облусу – 100 чакырым
Бөлүштүрүү тармактарды реконструкциялоонун жүрүшүндө электр куроочулар учурда жаңы темирбетон тирөөчтөрүн орнотуп жатышат. Бишкек шаарында тирөөчтөрдү орнотуу иштери Тулебердиев, Кокчетавская, Махатма Ганди, Тоголок Молдо көчөлөрүндө, Чон-Арык айылында жана Дордой, Көк-Жар, Бакай-Ата конуштарында аткарылууда.
Эске салсак, өзүн изоляциялаган зымдар кичине салмакта болот жана кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин төмөндөтөт. Өзүн изоляциялаган зымдын артыкчылыктарынын санына оңдоодогу жөнөкөйлүгү, чыңалуу алдында иштөө мүмкүнчүлүгү, коопсуздуу тейлөө кирет.
МААЛЫМ КАТ
“Северэлектро” ААКнын балансында 11 391 чакырым 0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгылары бар, анын 984,2 чакырымы 2011-2017 ж.ж. өзүн өзү изоляциялаган зымдарга алмаштырылган.
Булак: NazarNews.kg