www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Назарбеков Талант Нурланбекович Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин директорунун орун басары болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев кол койду.
Бүгүн, 29-январда, Курулуш министринин орун басары Бакай Турдугулов жаңы дайындалган директордун орун басарын департаменттин эмгек жамаатына тааныштырып, анын кызматтык ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.
Талант Назарбеков 2017-жылдан бери архитектура тармагында эмгектенип келет. Буга чейин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгынын санариптештирүү жана дежурдук план бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.
Белгилей кетсек, буга чейин аталган кызматты Алмазбек Мажитов аркалап келген жана жазган арызынын негизинде кызматтан бошотулду.