www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбор калаанын мэриясынын Жерди пайдалануу жана курулуш департаменти жана "Тазалык" муниципалдык ишканасынын атайын бөлүгү шаарды мыйзамсыз объектилерден тазалоо иштерин улантууда, деп билдирди борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы.

Бул жумада Боталиев/ Манас көчөлөрүнүн кесилишинде курулуп жаткан сейил бактын жанындагы павильон жана Киев/Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги Евразия дүкөнүнүн маңдайында жайгашкан уруксатсыз тосмо бузулду.

 Ошондой эле, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн кийин Ч.Айтматов проспектисиндеги Оазис тез тамактануучу пункту жана 7-кичи районундагы эки контейнер өз ыктыяры менен бузулду. Жана да, Красная көчөсүнүн 172/2 дарегиндеги муниципалдык аймакка тосмонун курулушу токтотулган. Ал эми Космическая көчөсүндө демонтаждалган тосмонун узундугу 40 метрди түзгөн. Ушундай эле мыйзам бузуу Үсөнбаев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жоюлган. 

 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости