www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кубанычбек Конгантиев Бишкек шаардык депутаттарга кичи жана орто бизнеске жардам берүү маселелерин кароону сунуштады. Бул тууралуу шаардык кеңештин онлайн жыйынында маалым болду.
Шаардык кеңештин депутаты карантин мезгили үчүн ижара акыны албоо сунушун берди.
«Бул жыл баарыбыз үчүн оор болду. Төрт ай карантиндик чаралар киргизилди. Азыр кичи жана орто бизнеске абдан кыйын болуп турат. Бул суроону карап чыкса болот», – деп белгиледи Конгантиев.
Ошондой эле, депутат карантин учурунда чегерилген айыптарды эсептен чыгарууну жана ижара акысын төлөө графигин түзүүнү карап чыгууну сунуш кылды.
Бирок, Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары бул маселени кароого каршы болушту.
Булак: NazarNews.kg