www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаевдин иши каралып жатат. Бул тууралуу маалыматты Азаттык билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) буга чейин билдиргени боюнча, Исаев “Токмок шаарынын мэри болуп турганда жалпы колдонуудагы муниципалдык жерди жеке менчик соода жайын куруу үчүн мыйзамсыз берген, муниципалдык имаратты мыйзамсыз түрдө өз баасынан кыйла арзан баада саткан" деп айыпталууда.

Ошондой эле мэриянын жооптуу кызматкерлери менен жең ичинен келишип алып, өздөрүнө тиешелүү компанияга шаардык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан автостанция курууга уруксат бергени белгиленген.

Канатбек Исаев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып келет. Ал Чүйдүн Токмок шаарын 2008-2010-жылдары башкарган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости