www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шадиев чет өлкөгө кетти

Парламент депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев дарылануу үчүн чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Шадиевдин жардамчысы Айбек Эрмеков билдирди.

Анын айтымында, Шадиев жүрөк илдетине байланыштуу соңку беш жылдан бери догдурлардын каттосунда турат. "Ал чет өлкөгө жүрөгүнө операция жасатуу үчүн 27-апрелде кетти. Дарылануусу аяктагандан кийин кайра кайтып келет” деди Эрмеков, бирок кайсы өлкө экенин тактаган жок.

Башкы прокуратура Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси боюнча (кызматынан кыянаттык менен пайдалануу) кылмыш ишин козгогону 28-апрелде маалымдалган.

Быйыл февраль айында КМШнын Парламент аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгына 2017-жылы Жогорку Кеңештин эсебинен бөлүнгөн 30 миң доллар уурдалганы жарыяланган.

Акчалай сыйлыкты Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча бөлүмүнүн башчысы Арсен Закиров былтыр сентябрда колуна алганы белгилүү болгон. Закиров комитеттин ошол кездеги төрагасы Шадиевдин колу коюлган катты ошол кездеги спикер Чыныбай Турсунбековго жиберип, кол койдурганы, акча бөлүнгөн соң жасалма документтер менен парламенттин иш башкармалыгына отчет тапшырганы айтылган.

Бул ишке байланыштуу Турсунбеков жана Шадиев бир нече ирет суракка чакырылган. Шадиев буга байланыштуу өкмөттөгү кызматын тапшырган.

Факт ачыкка чыгып, кызуу талкууланып жаткан учурда Шадиев Закиров аны “бюджетте акча жок калат, сыйлыктын акчасын эрте бөлүү керек” деп шаштырганын айтып, кол койгону үчүн өкүнөрүн билдирген-деп билдирди Азаттык.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости