www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шадиевди ит да издебейт

Биздин мамлекеттин “менталитети” таптакыр өзгөчө. Ким качып кетсе да аны издөөнү такыр колго албайт. Деги кайсыл бирин айтайын эле дегендей кеп. Чынында эле он үч жылдан бери карай безип кеткендердин бирөөнү кармап келдикпи я? Жадегенде Кыдыкбек Исаевди, Сапарбек Балкыбековду,Мелис Мырзакматовду  кармап келгенде сөз башка нукта болмок. Ошондуктан өтө опурталдуу, шектүү иштерге кабылып ойкуп,кайкып чет тарапка кеткендер кайра түркүн ушактарды таратып, элдин башын айландырып жатышат Кадыржан Батыровго окшоп. Кайсыл жактан жылуу жел соксо ошол тараптын сөзүн сүйлөп.

Эң “свежий” качкындардын бири-Аскарбек Шадиевди деле күч түзүмдөрү эмес ит да издебей жатыптыр. Анткени “изине” долларларды төшөп койгонун “көзү ачыктардан” башкасынын баары билет. Жалаң акчанын кудуретине жүгүнүп калганыбыз ушинтип эле белгилүүболуп калат. Шадиев изделген 24 шектүүлөрдүн арасында жок болуп чыкканы ого бетер  элдин бүйүрүн кызытты. Кыймылсыз мүлктөрүн болсо качардын алдында сомдоп салганын да уккан жайыбыз бар. Айтор, кызыктар али алдыда окшойт. Чамасы мындайларга “агенттер” өзүлөрү “наводка” берип турат шекилди.

Булак: "Ачык сөз"

Последние новости