www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кышындагы Бишкек ТЭЦинин жарылышы көп чуунун башын баштаган. Бул кырсык Кытай кредитинин кандай жолдор менен алынгандыгын, кыргыз чиновниктеринин аны оңду-солду чачышканын, “кыргызчылыктын” кыныгын алган ТВЕАнын ишти өзү каалагандай орой-чулгай салганын ачып-жайып таштады. Көлөкөсүнөн корккон Аскарбек Шадиев алактап өлкөдөн чыга качып, анын бул былыктарга башынан аягына чейин тыгыз катышы болгону көрүндү. Алладиндеги жин сыяктанып элдин кулагын “Зиявидин” деген ат кытыгылап өттү.

Депутаттар А.Шадиевдин Зиявидин аттуу эсепчиси ТВЕАнын да эсеп-кысабын жайлап жүргөнүн жарыялашып, жемкорлордун ордосун кайдан издеш керектигине багыт беришти. Бирок, көлөкөдөгү Зиявидинге көп деле маани берилген жок. Биз болсо өз чөнтөгү менен хан ордодогу вазирлердин, кытайлардын капчыктарын чиелештирип салган, куу схеманын катыгын берген Шадиевдин эсепчисине кызыгып көрдүк. Ачыгын айтканда, бул “кара ат” тууралуу маалыматтар көңүл тойгузаарлык деле эмес.

Эсепчи Зиявидин Матураимов 48 жашта, 1993-жылы КНУдагы экономфакты бүтүргөн. Лейлек районунун Көк-Таш айылынан болот, Бишкектеги“Арча-Бешик” ж/к жашайт.

Учурда Аскарбек Шадиевге таандык “Аква Инвест” ЖЧКсынын башкы директору жана “Реконс” ЖЧКсынын (“Баткен” базары) башкы эсепчиси болуп иштейт. Шадиев менен Илмияновдун табактары биригип, ажону чогуу-чаран тейлеп калгандан бери ортодогу кытмыр схемалардын эсеп-кысабын жүргүзүп келгендиги айтылат. Зиявидиндин ТВЕАда эсепчи болуп иштегендиги бейформал айтылганы менен, расмий түрдө эч бир кагазда изи жок. Кожолору АКШны көздөй качкандан бери Зиявидиндин да карааны Кыргызстандан көрүнбөй калган.

2014-жылы Баткен мамлекеттик университетинин ректору 1000 доллар пара алып жаткан жеринен кармалып, кылмыш иши козголгондугу кабарланган. Ал кезде Гиязидин Матураимов (Зиявидин Матураимовдун бир тууган агасы) Баткен мамлекеттик университетинде ректор болуп турган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости