www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалпыга маалымдоо каражаттары КРнын мурдагы биринчи вице-премьер-министри, ЖК депутаты Аскарбек Шадиевдин үй-бүлөсүнүн байлыгы 1,2 миллиард долларга жете тургандыгын билдиришүүдө.

Ушунча байлыгы бар адамдын Жогорку Кеңештин жылда берилчү Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгынын 30 миң долларын да кымырып алгандыгы, элестүү айтканда, жол жээгинде кайыр сурап отурган азиз адамдын шапкесиндеги чака тыйындарды уурдап кеткендей эле көрүнүш. Республикадагы эң чоң кызматтардын бириндеги адамдын мындай жорукка баргандыгы саясый элитадагылардын көпчүлүгүнүн акча, кызмат үчүн кандай ыпластыктарга болсо да барууга даяр болуп калгандыгын, коом аёосуз тазалоолорго муктаждыгын гана көрсөтөт.

Аcкарбек Шадиевдин жогорудагыдай жоругу саясый элитадагыларга гана эмес, Кыргызстандын эл аралык аброюна да доо кетирди. Башка өлкөлөргө Кыргызстандын өкмөт башчысынын биринчи орун басары, парламентинин депутаты Айтматов атындагы сыйлыкты атайын ыйгарттырбай, акчасын өзү уурдап алыптыр деген деген кабар таркаса, алар; булар акча үчүн энелеринин тондорун деле сатып жибере турган эл турбайбы,- дегендей ойлорго келишери шексиз.

Эгерде Россияда Пушкин атындагы алтын медалга кошо берилчү акчаны бир мамчиновник уурдап алса, аны Орус өкмөтү жердин түбүнө кирип кетсе да таап келип, мыйзамга ылайык жазасын бермек. Аскарбек Шадиев саясый себептерден улам өлкөдөн жашыруун кеткен жок, Ч.Айтматов атындагы сыйлыктын 30 миң долларын кымырып алгандыгы үчүн качты.

Тагыраак айтканда, ал жөн эле катардагы уурулук үчүн айыпталып жаткан адам. Ошондуктан Өкмөт, тийиштүү органдар аны АКШдан алып келип, мыйзам алдында жоопкерчиликке тартуу чараларын көрүүлөрү зарыл. Ал жалпы мамлекеттин репутациясына байланышкан маселе.  

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости