www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооба, өлкөдө коррупцияга карата сокку урулуп жатат. Айрымдарына урулган сокку дал бутага тийип жатса али айрымдары камырабай туру. Ошол эле маалда куйругунда калбыры калдырап, эбактан бери кулактын кужурун алып жаткандарга негедир текшерүү жүргүзүлбөй, алардын алешемдиктери менен ашмалтай иштери ачыкка чыкпай жатат.
Атап айтсак, Өкмөткө караштуу Мамескеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаикованын да өткөн иштери текшерилиши керек. Бул «шансы» көп Шаикова(билсенер Шаикова мурдада жетекчи болгон) аталган тармакта «шайка» уюштуруп, айрыкча паспорт берүү системасында бизнес жасагандыгы тууралуу жакындан билгендер айтышууда. Шаикованын коррупциялык иштери оголе көп экендигин ММКлар таңдайлары катканча сайрап деле бүтүшту. Коомчулукта мынчалык маселе көтөрүлүп жаткан соң тийшелүү тармактар аркалуу иликтенип, укуктук баа берилиши керек!
Булак: Де-факто