www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шаикова кайсы дөңгөчкө таянат?

Жакында Сузак РИИБнин Экстримизимге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы кыргыз паспортун колдонуп жүргөн коңшу өлкөнүн жаранын кармады.

Тагыраак айтсак, Өзбекстан Республикасынын жараны Сузак райондук паспорт бөлүмүнөн 2 500 долларга Кыргыз Республикасынын жарандык паспортун (Ю Карт жана чет өлкөдө колдонуучу эски үлгүдөгү көк паспорт) сатып алып колдонуп жүргөн.

Бул факты боюнчаКРнын Кылмыш жаза кодексинин 350-беренеси менен кылмыш иши козголуп, паспорт ээси СузакРИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ал эми Мамкаттоо кызматы ак же көк дебестен, тымпыйган бойдон отурат. Мамкаттоо кызматынын жетекчиси Алина Шаиковага көптөгөн сын-пикирлер айтылса дагы,кылы кыйшайбай олтурганы кандай? Же тиреген «тирөөчү» күчтүүбү?

Булак: "Де- факто"

Последние новости