www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кезектеги парламенттик шайлоого катышкысы келерин 44 саясий партия билдирди. Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 9-июлда алардын толук тизмесин жарыялап, партиялардан документ кабыл алуу мөөнөтү аяктаганын белгиледи.

Тизмедеги партиялар:

1. «Ата Мекен»
2. «Мекенчил»
3. «Бирик»
4. «Мекен Ынтымагы»
5. «ОРДО»
6. «Бийлик элге» («Власть народу»)
7. «Чон Казат»
8. «Кыргызстандын коммунисттеринин партиясы»
9. «Единство народа»
10. «Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы»
11. «Актив»
12. «Кыргызстандын жумушчу партиясы»
13. «Республика»
14. «Кыргыз Республикасынын агрардык партиясы»
15. «Бир Бол»
16. «Демократ»
17. «Улуу журт»
18. «Кыргызстандын жашылдар партиясы»
19. «Эмгек партиясы»
20. «Социал-демократтар»
21. «Бүтүн Кыргызстан»
22. «Чистое общество» («Таза Коом»)
23. «Ар-Намыс» («Партия достоинства»)
24. «Кыргызстан»
25. «Ыйман Нуру»
26. «Ак Калпак»
27. «Мекеним Кыргызстан»
28. «Адам-Демократ»
29. «Жаратман Эл»
30. «Биримдик» («Единство»)
31. «Реформа»
32. «Кыргызстандын элдик-демократиялык партиясы»
33. «Глас народа»
34. «Улуу Кыргызстан»
35. «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясы»
36. «Тартип-Порядок»
37. «Замандаш»
38. «Кыргызстандын патриоттор»
39. «Элдик көзөмөл»
40. «Бүткүл жаштар саясий партиясы»
41. «КУТ»
42. «НУР»
43. «Өнүгүү-Кыргызстан»
44. «Билим Илим Ордосу».

Маалыматка ылайык, мыйзам боюнча, эми алардын документтерин текшерип, ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жараяны жүрөт.

Андан кийин каттоого алынган партиялар шайлоо фондун ачып, күрөө коюп башташы керек болот. Кийинки жараян - съезд өткөрүп, талапкерлердин тизмесин бекитүү.

Белгилей кетсек, быйыл 30-июнда Кыргызстанда шайлоо босогосу тогуз пайыздан жети пайызга түшүрүлгөн.

3-июлда президент Сооронбай Жээнбеков кезектеги парламенттик шайлоону 4-октябрда өткөрүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости