www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоого карата Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Дубайдагы Башкы консулдугу билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда Бириккен Араб Эмирлигинде жашап жаткан кыргызстандыктар www.tizme.gov.kg онлайн порталы аркылуу өздөрүн шайлоочулардын тизмесинен текшере алат.

"Эгерде издөө учурунда өзүңүздү башка шайлоо тилкесинен тапсаныз, ушул жылдын 19-сентябрына чейин (арыз берүүнүн акыркы күнү) Башкы консулдукка кайрылып, консулдук каттого туруп (акысыз), жана форма №2 толтуруп кетүүңүздү суранабыз", - деп билдирилет маалыматта.

Бириккен Араб Эмирлигинде эки шайлоо участкасы ачылган, алар;

1. Абу-Даби шаарында - Кыргыз Республикасынын элчилигинин имараты, №9051 шайлоо участогу.

2. Дубай шаарында - Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугунун имараты, №9044 шайлоо участогу.

Консулдук каттоого жараша Абу-Даби эмиратында жашаган жарандар элчиликте, ал эми Дубай жана түндүк эмираттарда жашаган жарандар Башкы консулдуктун имаратына келип, шайлоого катышса болот.

Шайлоого катышуу үчүн, жарандардын жогоруда белгиленген шайлоо участокторунда катталып, консулдук жана биометрикалык каттоосу болушу зарыл.

Кошумча маалыматтар үчүн участкалык шайлоо комиссияларынын катчыларына кайрылууга болот;

1. Нурбек Карагулов (Абу-Даби) +971 505 25 58 13, Е-мейл.: [email protected].

2. Адилет Сыдыков (Дубай жана түндүк эмираттар) +971 561 974 795, Е-мейл.: [email protected].

3.Таланбек Зулпукаров (Дубай жана түндүк эмираттар) +971 566 929 253, Е-мейл.: [email protected].

эскерте кетсеке, Жогорку Кеңештин 120 депутаттан турган VII чакырылышына шайлоо 4-октябрга дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү 4-сентябрдан тартып жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости