www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун үч аймагында шайлоо алдында адамдарды жапырт каттоого байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура ЖМКларга билдирди.
Маалыматка ылайык, быйыл жыл башынан бери Токмок шаарында 6745 адам каттоого турган.
Текшерүүнүн натыйжасында алардын айрымдары үй ээсинин макулдугусуз, тиешелүү документтери жок эле туруктуу катталганы, кээ бир даректер боюнча 150дөн ашык адам каттоого алынганы аныкталды.
Жергиликтүү каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.
Ушул эле берене менен эки миңдей адамды Токмок шаарына каттаган Кемин жана Аламүдүн райондорунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүлө баштады.
Быйыл 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерининин депутаттары шайланат.
Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоочулардын баштапкы тизмеси түзүлгөнүн билдирди. Ага 340 479 шайлоочу катыша алат.
БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жапырт каттоо учурлары айтылган менен шайлоочулардын тизмесинде олуттуу өзгөрүүлөр болбогонун айтты.
Булак: NazarNews.kg