www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

17-сентябрда Ош шаарынын мэриясынын алдындагы Коопсуздукту жана укук тартипти камсыздоо боюнча Координациялык Кеңештин кезектеги отуруму болуп өттү. Отурумга Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, координациялык кеңештин мүчөлөрү, шаардагы укук коргоо тармагындагы жетекчилер жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү катышты.

Күн тартибинде Ош шаарындагы коомдук-саясий кырдаалдын туруктуулугун бекемдөө жана Жогорку Кеңештин шайлоосуна байланыштуу маселелер каралды. Шаар мэри ар бир партияга калыс мамиле жасалышы керектигин, коомдук абалды сактоого өзгөчө көңүл бурулушу керектигин билдирди.

“Ар бир кызмат өзүнүн милдетин так аткарышы керек. Ош шаарындагы шайлоо тилкелеринде санитардык абал, коопсуздук толук сакталсын. Көзөмөлгө алабыз. Шайлоого катышып жаткан ар бир саясий партияга калыс, бирдей мамиле жасалат”,-деди шаар мэри.

Жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу вице-мэр, прокурор, шаардык милициянын башчысы маалымат берип, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости