www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо-2020:  Шайлоочуларга эскертме!

Бул жолку шайлоодо аймактык шайлоо тилкелеринде жаңы эрежелер сакталышы керек. Шайлоо тилкелериндеги жарандардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы жол-жоболорду иштеп чыккан. Аларды билип алыңыз.

Борбордук шайлоо комиссиясы бардык жарандарды санитардык эрежелерди так сактоого чакырат.

  • Шайлоо тилкесиндеги алгачкы кадам

Кире бериште дене табын текшерүү иштери байланышсыз уюштурулат. Аймактык шайлоо комиссиясынын бардык мүчѳлѳрү жана шайлоочулар бет кап, кол кап менен камсыз болот.

Атайын чийилген кѳрсѳткүчтѳр добуш берүүгѳ катышып жаткандардын байланышсыз кыймылын камсыз кылууга жана добуш берүүчү жайдын сыртында да жана ичинде да 1,5-2 метрлик аралыкты сактоого кѳмѳктѳшѳт.

  • Шайлоо күнү шайлоо тилкесинде жасалуучу иштер

- Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү.

- Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу.

- Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу.

- Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарын шайлоо участогунун кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакатты жайгаштыруусу.

- Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу.

- Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу.

- Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.

- Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү.

  • Шайлоочу кантип добуш берет?

- Шайлоо участогунда шайлоочу УШКнын мүчѳсүнѳ Кыргыз Республикасынын жараны экенин тастыктаган паспортун кѳрсѳтѳт;

- Манжаларынын белгилери боюнча идентификациялоодон ѳтүүдѳ шайлоочу кол кабын чечип, колдорун антисептик каражаттары менен тазалап идентификациялоодон ѳтѳт жана идентификациялоодон ѳткѳндѳн кийин колун кайра тазалап, кол кабын киет;

- Бетинин биометрикалык параметрлери боюнча идентификациялоодон ѳткѳндѳ шайлоочу бет кабын убактылуу алып коюп, идентификациялоо бүткѳндѳн кийин кайра киет;

- Ар бир шайлоочуну идентификациялоо жол-жобосуна чейин жана андан кийин идентификациялоо боюнча жабдуу дезинфекцияланат;

- Добуш берүү үчүн кабина жана автоматтык эсептѳѳчү урналар ар бир 60 мүнѳттѳ эки иреттен кем эмес дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланат;

- Оорунун белгилери бар шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн ѳзүнчѳ кабина болууга тийиш;

- Добуш берүүнүн жүрүшүндѳ, добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдорго кол коюуда участкалык шайлоо комиссиясынын ар бир мүчѳсү ѳзүнүн калемин колдонууга тийиш.

- Добуш берүү үчүн үкѳктѳрдү ачардан мурда алардын үстүнкү бети антисептик каражаттар менен тазаланат.

БШК оорунун белгилери бар же бейтап менен байланышта болгон жарандар 4-октябрда шайлоо тилкесинде добуш бере турган болсо, саат 18:00дон кийин барууну сунуш кылынат.

  • Шайлоочунун эсине

- УШК мүчѳлѳрүнүн бардык талаптарын жана кѳрсѳтмѳлѳрүн сактаңыз;

- Шайлоочу добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колу тазалангандан кийин УШК тарабынан берилген бет кап жана кол каптарды кийиши керек;

- Идентификациялоодон ѳтпөгөн учурда бет кап жана кол каптарды чечпеңиз;

- Добуш берүү жайынан сырткары жана анын ичинде 1,5-2 метр аралыкты сактоо зарыл;

- Шайлоо участогуна үй-бүлѳсү менен бирге барбай, кезектешип баруу сунушталат;

- Шайлоо тилкесине бара жатанда жаш балдарды ээрчитпеңиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости