www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн лидерлери Азербайжан менен Арменияны Тоолуу Карабактагы согуш аракеттерин тезинен токтотууга чакырышты. Евробиримдик бул чатак аймактагы державалардын катышуусу менен ири согушка айлынып кетиши мүмкүн деп чочулап турганын билдирүүдө.

«Жайкын тургундардын каза болушуна, аларга зыян келтирүүгө жол берилбеш керек. Тирешүү аскердик жол менен да, сырттан кийлигишүү менен да эч качан чечилбейт», деп айтылат Брюсселдеги Евробиримдиктин саммитинде кабыл алынган билдирүүдө.

Ошондой эле бул уюм Карабактагы чатакты 1990-жылдардан бери жөнгө салуу боюнча иштеп келген ЕККУнун алкагындагы Минск тобунун тең төрагаларынын аракетин колдой турганын белгилеген.

1-октябрда Минск тобунун тең төрагалары катары Франциянын, АКШнын жана Орусиянын лидерлери билдирүү таратып, Тоолуу Карабактагы куралдуу чатакты токтотууга чакырышкан. Ошондой эле үчилтик Азербайжан менен Армениянын лидерлерин «Минск тобунун алкагында алдын-ала шарт койбой туруп, тезинен сүйлөшүүлөрдү жандантууга» үндөгөн болчу.

Бирок расмий Баку менен Ереван азырынча 27-сентябрда башталган аскердик аракеттерди токтотуу боюнча кадамдарды жасай элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости