www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ыкчам аракеттенүүнүн координациялык тобу Бишкекте административдик ресурсту кыянаттык менен пайдалануу боюнча маалыматты текшере баштады. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган топко Бишкек шаарынын Октябрь райондук МТУ-9 башкармалыгынын башчысы Р.Ш.Давуз тарабынан шайлоо мыйзамдары бузулгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

«Маалыматта жетекчи «Ишеним» саясий партиясынан депутаттыкка талапкер Р.К.ны колдоо үчүн МТУга тиешелүү үйлөрдүн жашоочуларына кысым көрсөтүп жатканы айтылат», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, “Ишеним” партиясынын катталган тизмесинде инициалдары окшош талапкер жок. Арыздардын жана мыйзам бузуулардын реестринде кеп Руслан Кыдырмышев жөнүндө болуп жатат. Бирок БШКнын маалыматында ал No28 Октябрь шайлоо округу боюнча өзүн-өзү көрсөтүү үчүн ат салышып жатканы көрсөтүлгөн.

Маалымат бул фактыны тактоо жана юридикалык баа берүү үчүн ИИМге, КГОРго Октябрь ОИИБнин №28 бөлүмүнө жөнөтүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости