www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Назира, Ютуб каналында бүгүнкү күндө катталуучулардын саны канчага жетти? Пайдасы бар бекен же жөн эле түйшүкпү?

- Ютуб каналымдын күмүш баскычын жайында алып, кубанганбыз. Бүгүнкү күндө 214 миңге жеттик. Буюрса, эл сүйүп көргөн, пайдалуу канал болуп, бриллиантка жөнөйлү. Пайдасы деле бар. Айлык алабыз. Бирок Эң чоң пайда элге болсо, жакшы болот. Биз мен жыргасам, мен эле байысам эмес, элге канткенде пайда келтире алабыз? дегендин артынан чуркап жатабыз. Ар бир маегим максаттуу, маанилүү.

- Каналыңа чакырган адамдардын баары эле макулдугун беришип, маекке келип жатыштыбы, же арасында четке каккандар да болдубу?

- Отказ берген адам боло элек. «Каналына чыгат элек - деп акча бергендер да бар. Анткени, менин каналыма чыккан адам сөзсүз жакшы жагынан ачылат, жан дүйнөсү көрүнөт. Адамдын мурун аброю начар болсо, мен аны такыр башка нукта көргөзө алам. Аны сөзсүз көрөрмандар сүйүп, сыйлап, ойлору өзгөрүлүп калышат. Ар бир желмогуздун ичинде сулуу адам жашайт. Мен аны билем. Меймандарым мага өзөгүн көргөзгөнү келишет.

- Монтаждалып жаткан учурда «мобу жерин алып сал» дегендер болдубу? Кайсы учурда, кандай жагдайда? Ютуб канал сен үчүн чыгармачыл аянтчабы же акча табуунун бир жолубу?

- Саясатчылар келишет... Мисалы, Бакыт Калмаматов менен маегибизди баштаганда эле «чыртылдашып» кеттик. «Бакылдап эле кайдан чыга калдыңыз? Мурун көрбөптүрбүз?» десем, катуу тийди окшойт. Анын да тили эки метр, меники андан кем калбай, «сармерден» ойноп кеттик. Анан маектин сонунда суранганынан, ак көңүлүм кармап кетип, монтажда алып койдум.

«Албай эле койсом болмок экен» деп калдым кийин. Анан Жеңиш Молдокматов менен тамашалуу, ачык, сонун маек курсак, эки редактору менен монтажерумдун үйүнө барып, каалашынча кескилеп туруп кетип калган, бирок маңызы чыкпаган, супсак маек болуп калган.

Ошондон кийин жаман көрөм ошол кишини. Ютуб канал - эң эле алгач чыгармачылык аянтчам. Башка каналда, эфирде жасай албаганымды жасайм. «Этикасы, маданияты жок деп калышат, бирок ошол келген мейманым менен ырсактап, калжактап жатып, айрым учурда аны басып алып өпкүлөп жатып ачам да. Мен канчалык чыныгы Назираны көргөзгөн сайын, алар ошончолук чыныгы менин» көргөзөт.

«Сенин маектериңди көрүп, көз карашым дээрлик өзгөрдү деген катталуучулар көп үчүн максатына жетип жатат го дейм. Ал менин балам сындуу. Маданият, же мен кызыккан адамдарды артынан кууп жүрүп интервью алам. Анткени алар окулбаган китеп сындуу. Өзөгүн, маңызын окуп берем. А бизде сырткы мукабасын эле окуп коюп, жыйынтык чыгара беришет эмеспи.

Булак: Азия News гезити

Последние новости