www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекет президенттен тышкары кимди кайтарат?

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет "Мамлекеттик күзөт жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатат. Анткени жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин өлкө президенттик башкаруу формасына өткөн.

Мыйзам долбоорунда кимдерди мамлекеттик күзөт кызматкерлери кайтара турганы жазылган.

Президент. Кызматка киришкен учурдан тартып мамлекеттик күзөт берилет (андан баш тартууга болбойт);

Президенттин үй-бүлө мүчөлөрү (аялы же күйөөсү, балдары, анын ичинде жашы жете электер). Бирок Кыргызстандын ичинде эле (мурда мындай норма жок болчу);

экс-президент (өмүр бою);

Жогорку Кеңештин төрагасы;

министрлер кабинетинин төрагасы;

Жогорку соттун төрайымы же төрагасы;

Конституциялык соттун төрагасы же төрайымы (кайрадан түзүлгөн орган).

Мындан тышкары, мамлекеттик күзөт кызматын президенттин буйругу менен өмүрүнө коркунуч жаралган чет өлкөлүк жана кыргызстандык жарандарга, мамлекеттик кызматкерлерге жана депутаттарга берүү да сунушталган. Башка мамлекеттердин, парламент жана өкмөт башчылары күзөт кызматы менен өлкөгө келгенден тарта камсыз боло алышары айтылган.

Мыйзам долбоору мамлекеттик бийлик органдарындагы кызмат адамдары президентке берилген сыяктуу мамлекеттик күзөт кызматынан баш тарта албайт деген норма менен толукталган.

"Бул жагдай мамлекеттик күзѳт органынын укук колдонуу практикасынан улам келип чыккан. Себеби мурда мамлекеттик кайтарууга алуудан баш тартуу мыйзам боюнча мүмкүн эмес болчу. Айрым кызмат адамдары берилген мамлекеттик күзѳттѳн жазуу түрүндѳ бир нече жолу баш тартышкан. Бул башка кызмат адамдары үчүн прецедентти жараткан", — деп жазылат мыйзам долбоорунда.

Аталган мыйзам долбоору менен толук министрлер кабинетинин сайтынан тааныша аласыздар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости