www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо-2021: Сый тамакпы же добуштарды сатып алуубу?

Ички иштер министрлиги №25 Аламүдүн шайлоо чөлкөмү боюнча депутаттыкка талапкер Болотбек Бегалиевдин аракетинен кылмыштын курамын тапкан жок.

Милициянын айтымында, мандаттыкка талапкер чындап эле Кой-Таш айылынын аксакалдарына “Ак Эмир” кафесинде сый тамак уюштурган. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кафе администратору суракка алынган. Анын айтымында, аларга бир аял келип, эскерүү өткөрө турган залды буйруган. Бул иш-чарага администратордун өзү жана кафенин жооптуу кызматкерлери катышкан эмес. Ошондуктан ал эскерүүбү же майрамбы, айта албайт. Материалдар кошумча иликтөө үчүн округдук шайлоо комиссиясына өткөрүп берилди.

Шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система менен шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости