www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Анарбек Калматов президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү кызматынан бошотулуп, президенттик администрациянын Ырайым кылуу комиссиясынын жооптуу катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы кабарлайт.
Калматов экс-президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда ушул эле комиссиянын жооптуу катчысы болуп иштеген. Ал президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү болуп 2020-жылдын 27-ноябрында дайындалган.
Ырайым кылуу комиссиясынын буга чейинки жооптуу катчысы Таалайбек Апеновду соттолгон адамды ырайым алчулар тизмесине киргизүү үчүн 170 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалганын 18-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдаган. Аны президент Садыр Жапаров 26-октябрда кызматынан бошоткон.
Булак:NazarNews.kg