www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылдын 28-30-апрелиндеги Тажикстандын аскерий агрессиясында жабыркаган Баткен шаарынын тургундарына жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө социалдык жөлөк пул берилет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова билдирди.
Ушул максатта министрлер кабинети 2010-жылдын апрель жана июнь айларында жабыркагандарды социалдык жактан коргоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. "Мыйзам кабыл алынса, октябрь айынан тарта аларга ай сайын 3700 сомдон жөлөк пул берилет. Жөлөк пул 18 жашка чыга элек балдарына жана жаңжал учурунда каза болгондор менен майыптардын пенсия курагына чейинки ата-энелерине төлөнөт", - дейт Жылдыз Полотова.
Анын айтымында, алдын ала маалымат боюнча 77 адам жөлөк пул алат. "Жаңжалдын жүрүшүндө 36 адам каза болуп, 133 киши жаракат алган. Жолөк пул үчүн быйыл 3 миллион 400 миң сом, кийинки жылы 27 миллион сом керектелет", - деп кошумчалады Жылдыз Полотова.
Булак: NazarNews.kg