www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Норвегиянын Арктика университетинин ректору Даг Руне Олсен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго вискиге колдонула турган ваза белек кылды. Олсен менен Лавров 25-26-октябрда Норвегиянын Тромсо шаарында Баренц Евро-Арктика кеңешинин 18-министрлер жыйынынын алкагында жолугушту.

Ректор министрге скандинав мифологиясынын сүрөттөрү түшүрүлгөн кочкул көк түстөгү кичинекей вазаны тапшырды. «Вискигеби же суугабы?» деп сурады министр. «Виски үчүн», - деп жооп берди ректор.

Олсен, ошондой эле, Лавровго «1814-1917-жылдардагы Россия менен Норвегиянын жакындашуусу» китебин белекке берди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости