www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо-2021: Дагы тогуз адам жарыштан баш тартты

Тогуз талапкер бир мандаттуу округдардан Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышуудан баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, Жогорку Кеңештин шайлоосуна катышууга бир мандаттуу округдардан жалпы 321 талапкер катталган. Анын ичинен тогузу шайлоого баруудан баш тартты.

  • Бердалиев Бакыт Чырмашевич, №12 Өзгөн шайлоо округунан талапкер;
  • Ибраимов Санжар Кубанычбекович, №11 Алай округунан талапкер;
  • Мамбеткулов Максатбек Назиржанович, №13 Москва шайлоо округунан талапкер;
  • Исаев Канатбек Кедейканович, № 31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер;
  • Галдыбаев Жаманкул Жолчуевич, № 11 Алай шайлоо округунан талапкер;
  • Каримбеков Абдисаит Момунбаевич, № 11 шайлоо округунан талапкер;
  • Алыбаев Айбек Ташибекович, № 19 Токтогул шайлоо округунан талапкер;
  • Кыдыралиев Бакыт Мукамбетович, № 21 Талас шайлоо округунан талапкер;
  • Алтыбаева Айнуру Тойчиевна, № 7 Ош шайлоо округунан талапкер.

Муну менен парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан бара жаткан талапкерлердин саны 312 болуп калды.

Эске сала кетсек, шайлоо 28-ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бирдиктүү шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу округдар боюнча мажоритардык система боюнча шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости