www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо кийинкиге жылдырылабы?

Конституциялык мыйзамдарга ылайык өлкөдө өзгөчө абал режими жарыяланганда гана шайлоо өтпөйт. Эпидемиологиялык абал туруктуу болсо, шайлоо өткөрүү боюнча маселе жаралбайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова коронавируска байланыштуу шайлоону жылдыруу мүмкүнбү деген суроого жооп берип жатып айтты.

Анын айтымында, шайлоо тилкесинде ар бир шайлоочунун дене табы текшерилип, вирустан коргонуучу жеке каражаттар берилет.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 25-мартында Бишкек шаарына жана Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым райондоруна жарыяланган өзгөчө абал режими 11-майда алынган.

Ал эми учурда өлкөдө өзгөчө кырдаал режими бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости