www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасына бюджеттен 105 млн сом бөлүү каралса, анын 16 миллиону гана бөлүнгөн. Бул тууралуу парламенттин 25-марттагы жыйынында депутат Шайлообек Атазов билдирди.

Эл өкүлү быйыл июнь-июль айларында Токиодо өтө турган жайкы олимпиадага кыргыз спортчуларынын даярдыгы тууралуу маселе көтөрүп, мамлекет тарабынан жеткиликтүү көңул бурулушу керектигин белгиледи.

«Акыркы 40 жылдан бери Кыргызстандан олимпиада чемпиону чыга элек. 1980-жылы Каныбек Осмоналиев олимпиада чемпиону болуп келгенде, өлкөдө чоң майрам болгон. Ушундай көрүнүштүн кайталануусуна быйыл мүмкүнчүлүк болуп турат. Бирок олимпиадалык курама командага бюджеттен 105 млн сом каралса, анын 16 миллионун гана бөлүп беришиптир. Бул деген финансы министринин спортко болгон кайдыгерлиги десек болот. 3 ай убакыт калды, бул тармакка көңүл буруу керек. Эгер балбандарга колдоо көрсөтсөк быйылкы мелдештен чемпион чыкканы турат», - деди Атазов.

Депутаттын маалыматында, коңшу Казакстан, Өзбекстанда олимпиадада жетишкендикке ээ болгон спортчуга 250 миң доллардан, Кыргызстанда 7 млн сомдон берилет. Атазовдун пикиринде, бул сумманы 40 миллион сомго чейин көтөрүү спортчуларга колдоо болот.

Японияда өтө турган жайкы олимпияда оюндары быйыл июль-август айларына белгиленген. 4 жылда бир ирет өтүүчү мелдеш былтыр коронавирус пандемиясына байланыштуу быйылкыга жылдырылган.

Бул оюндарга кыргызстандык алты спортчу жолдомо алышкан. Алар-балбандар Атабек Азизбеков, Айсулуу Тыныбекова, суучул Денис Петрашов жана жеңил атлетчилер Юлия Андреева, Дарья Маслова жана Мария Коробицкая.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости