www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын желегин желбиретип, бир канча жолу мамлектеибизге сыймык алып келген, өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошсом деген намысты бек туткан жигиттерибиздин бири машыктыруучу, чемпион Кыргыз Республикасынын дене-тарбия, спорттун отличниги, патриот жигит Шайлообек Атазовду кепке тарттык. 

--Шайлообек мырза, элди карантинге камап коюп, өкмөт башчынын эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени туурабы?

--Өкмөт башчы элди карантинге камап коюп, өзү эмгек өргүүгө кеткени бул чыккынчылык! Бул аманатка кыянат кылганга барабар иш!

--Мындай учурда элдин жоопкерчилиги кимде болот?

--Элдин жоопкерчилиги албетте, элди таштап кеткен адамда болот. Демек, кудай эле сактасын. Кокус душман кол салса өкмөт башчыбыз качып эле кетет экен да!

--“Чоң казатчылардын” демилгеси туурабы?

--"Чоң казат" жакшы демилгени баштады! Мен элди көп жылдан бери тоноп жеген кан соргучтарга каршымын! 30 жылдан бери мамлекетти талкалаган мите курттар, келечек муундун ырыскысына кол салган жегичтер жооп берсин! Мына ушундай элдин ырыскысын жегендердин айынан кимдир бирөөлөр балдары менен көчөдө, камокто, кантейнерде  жашайт. А булар болсо 150 даана элитка квартираларды, гектар жерлерди менчиктеп алышканы кантип болсун. Калыстык үчүн да кандай жол менен кантип алганы иликтениши керек. Кубанычбек Жумалиев, Амангелди Муралиев, Тайырбек Сарпашовдорго окшогондордун мүлкүн текшерип, чекеден факт, далилдер менен мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү керек. Кыскасы, мыйзамсыз байыгандардын мүлктөрү мамлекеттин казынасына өтө турган кылышыбыз керек. Бул жагынан "Чоң казаттын" демилгеси колдоого аларлык. Бирок, аны барып эле тартып албай, документтерге таянуу менен, мамлекеттин эсебинен байыгандар менен күрөшүүнүн жолун, багытын таап, механизмдерин иштеп чыгыш керек. Себеби, жакшы идеянын баары популизм болуп,  калбашы үчүн тизме менен иликтөөнүн мыйзамдуу жолун табышыбыз зарыл.

--Сыймык Жапыкеевге эки оор берене менен козголгон кылмыш иши бийликке болгон нааразычылыкты күчөтпөйбү?
 

--Сыймык  Жапыкеевдин көйгөйлөрдү алып чыгууда кээде аша чапкан жерлери бар. Адамдын ар намысына, абийрине шек келтируу сыяктуу...

Бирок, Жапыкеевге козголгон кылмыш иши элдин нааразычылыгын көбөйтөт. Себеби, кимдир бироо кан соргучтарды айтып чыгышы керек эле да. Элдин качантан бери  күткөн, көксөгөн үмүтү ушул эле. Ошон үчүн мындай чындыкты көтөрүп чыккан инсандарды ар дайым карапайым эл колдогон. Маселе, укук коргоо органдары жагдайга кандай мамиле кылышат ошого байланыштуу болот. Тагыраагы, окуя ошого жараша өнүгөт.

Негизи Жапыкеев азамат жигит экен! Духу бар экен. Бирок, укук талаасында, мыйзамда бул кан соргучтар Сыймыкка караганда алда канча шылуундук кылышат. Сыймыкка саясий кеңешчилер жетбей калгандай. Мындай маселени ашканада эмес, пресс конференция берип, съезд өткөрүп, жалпы курултай, кеңешмелерде аргумент, фактыларга таянуу менен айтып чыкса дагы да сонун болмок. Мындан да чоң эффект бермек.  

Элдин ырыскысын, мүлкүн жеп четке качып кетип калгандардын тамагына сөөк болуп тыгылмак. Ошон үчүн команданы күчтөп далилдер менен сүйлөсө,  биз да кошулмакпыз! Анткени, өлкөнү тоногон, элдин ырыскысын кан соргучтардай соргон ири уурулардын тизмесин Жапыкеевден көбүрөөк билебиз. Бирок, аларды айтып кою менен маселе чечилбей жатбайбы. Эффект берип жыйынтык чыгаруу үчүн алар менен күрөшүүнүн, жеңүүнүн жолун сунуштап, ишке ашыруу керек. Бул жерде мен Президентке жана жалпы элге таянуу ийгиликке жеткирет деп ойлойм. Ал үчүн мыкты команда түзүш керек...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости