www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутаттар жаңыдан сугунайын деп жатканда УКМК, Башкы прокуратура суракка чакыра баштады. Ымыркай депутат колдорун самындап жууп, керек болгон учурда тырмагын алуу керек. Мунун катта мааниси бар, анткени тырмагы курч депутат өтө «грязный» нерселерге көз артып, колун тырмагы менен кошо матырып «жугуштуу ооруларды» жугузуп алышы ыктымал.

Кекиртегинен майлуу нерсе өтпөсө депутаттар миллиондорду сугунмайын сугалактана берет

Наристе депутат үчүн ишенимдүү акча булагы –депутаттын маянасы. Лекин, депутаттын айлыгын мугалимдин айлыгына теңеш керек деген сөздөр да чыгууда. Буга эч макул болууга бовойт. Себеби мугалимдин айлыгы ресторанга бир түштөнүүгө жетпей калат. Бир күнү түштөнүп алып калган отуз күн тиштин кирин соруп жашамак беле. Ошондуктан депутаттын айлыгы күн сайын ресторандан түштөнүүгө кенен жеткидей болуш керек. Андан тышкары кымбат баалуу кийимдерди кийип жүрбөсө да болбойт эмеспи.

 Бюджеттен алган айлыгында ымыркай депутатка зарыл болгон бардык заттар болгондуктан, жаш депутатты көптөгөн жугуштуу оорулардан, эң негизгиси коррупция деген коркунучтуу дарттан сактоочу касиет бар. Бул дартка кабылган наристе депутат алгач кекиртек оорусу ангина менен ооруй баштайт. Кекиртегинен майлуу нерсе өтпөсө кызыл өңгөчү тартып, бул адатка айланып калса миллиондорду сугунмайын сугалактана берет.

 Ошондуктан ымыркай кезинде эле айлык маянага көнгөнү жакшы. Маянанын асылдуулугу жогору болуш үчүн Каржы министрине каяша айтып,рационуна даам коштуруп алыш керек. Наристе депутаттын айлыгы фракция лидерлерине да байланыштуу. Ымыркай кезинде эле аппетитти ачпай, эң негизгиси жеп үйрөнгүчө айлык менен жашап туруш керек.

 “Май кармаган бармагын жалайт”, парламент депутаттары өз айлыгын көтөрөрү бышык

Наристе депутат үчүн ишенимдүү акча булагы –депутаттын маянасы. Лекин, депутаттын айлыгын мугалимдин айлыгына теңеш керек деген сөздөр да чыгууда. Буга эч макул болууга бовойт. Себеби, мугалимдин айлыгы ресторанга бир түштөнүүгө жетпей калат. Бир күнү түштөнүп алып калган отуз күн тиштин кирин соруп жашамак беле. Ошондуктан депутаттын айлыгы күн сайын ресторандан түштөнүүгө кенен жеткидей болуш керек. Андан тышкары кымбат баалуу кийимдерди кийип жүрбөсө да болбойт эмеспи.

 Бюджеттен алган айлыгында жаңы келген депутатка зарыл болгон бардык заттар болгондуктан, жаш депутатты көптөгөн жугуштуу оорулардан, эң негизгиси коррупция, коронавирус деген коркунучтуу дарттардан сактоочу касиет бар. Бул дартка кабылган наристе депутат алгач кекиртек оорусу ангина менен ооруй баштайт. Кекиртегинен майлуу нерсе өтпөсө кызыл өңгөчү тартып, бул адатка айланып калса миллиондорду сугунмайын сугалактана берет.

 Ошондуктан ымыркай кезинде эле айлык маянага көнгөнү жакшы. Маянанын асылдуулугу жогору болуш үчүн Каржы министрине каяша айтып, рационуна даам коштуруп алыш керек. Наристе депутаттын айлыгы фракция лидерлерине да байланыштуу. Ымыркай кезинде эле аппетитти ачпай, эң негизгиси жеп үйрөнгүчө айлык менен жашап туруш керек.

Депутаттар көзү каякка тийет?

Наристе депутат көздөрүнө өтө сак болууга тийиш. Себеби көз доктурлар, көз академиктер анын көзүнө тигиле карап, бааларын берип турушат. Ымыркай депутат көздөрүн кайнаган сууга же бор кислотасынын эритиндисине чыланган кебез менен жууган жакшы. Кебез табылбаса баасы жок кара койдун жүнү деле жарай берет. Ар бир көзүн өзүнчө, көздүн сырткы бурчунан мурдуна карай сүртөт. Бул процедура ач көз болуудан сактайт.

Сен ооруба, мен ооруюн «Ата-Журт»

Наристе депутаттарга үнүн чыгарууга бовойт, майли анын үнү «атка минер -актёр Ибрагим Жунусовдой мукам болсун. Музыка ыргактуу болобу же музыка ыргаксыз болобу, үнүн чыгаргысы келген жаш депутаттар бийликтегилер менен куда болгусу келбесе Карим Тураповдой сахнаны көздөй эле кетип калганы эле оң. Лекин, анын мукам үнүн угушса, бийликтегилер шап минип, «шут» кылып алышат. Ошого карабастан үнүңдү чыгаргың келсе абайлап чыгар. Биринчи фракцияда репетициядан өтүп, көнүгүп, ырдоочу нотаңды даярдап, жагымпоз үнүңдү кубулжутуп чыгарыш керек. ЖКнын катта жыйынында кокустан үнүңдү чыгарам деп «косяк» кетирип алсаң, эмки депутаттык мөөнөткө жетпей эле элге жек көрүмдүү болуп каласың. Үнүңдү чыгарган соң оозуңду жылуу суу менен жууп, тазалоо керек, кокустан инфекция жугуп калбасын. Деги ымыркай депутаттар оорубаганы жакшы. Ымыркай депутаттардын бары ооруп калса квота жок болуп калбайбы.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости